|
Окурмандардын ой-пикири редакциянын пикири менен төп келишпейт жана рубрикада жайгашкан материалдар үчүн аны жиберген окурман өзү жоопкерчилик алат. Өзүңүздөрдүн макала, ой-пикир, талкууларыңыздарды төмөнкү даректер аркылуу жөнөтүңүз: barakeldeorg@gmail.com |
|||||||||
|
Маалымат булактары:
∗ Баракелде ∗ АКИpress
∗ «Вечерний Бишкек» ∗ «МСН»
∗ «Общественный рейтинг»
∗ «Комсомольская правда-Кыргызстан»
∗ «Слово Кыргызстана» ∗ «Дело №»
∗ «МК-Кыргызстан» ∗ «Парус»
∗ «Кабар» маалымат агенттиги
∗ «Замандаш пресс» маалымат агенттиги
∗ Бишкекский пресс-клуб
∗ Институт общественной политики
∗ «Азаттык» радиосу
∗ Voice of freedom
∗ Би-Би-Си радиосу
∗ Diesel Forum
∗ 24.kg маалымат агенттиги
∗ CA-News: Борбордук Азия жаңылыктар кызматы
∗ «Лимон» ∗ «Агым»
∗ «Учур» ∗ «Эл сөзү»
∗ «Аят пресс» ∗ «Фабула»
∗ «Кыргыз туусу» ∗ «Назар»
∗ «Пресс.kg» ∗ «Заман Кыргызстан»
∗ «Кыргыз Руху» ∗ «Кутбилим»
∗ «Асман пресс»
∗ «Арт kg» ∗ «Ислам нуру»
∗ «Ислам маданияты»
∗ «Тарыхый мурас»
∗ «Асман.kg» ∗ «Алиби»
∗ «Айыл өкмөтү» ∗ «Эркин Тоо»
∗ «Кылмыш жана жаза» ∗ «Аалам»
∗ «Апта» ∗ «Мурас»
∗ «Ачык саясат» ∗ «Жаны ордо»
∗ Айгай ∗ Супер-инфо
∗ Тамчы ∗ Ледиkg
∗ Мезгил ∗ Трибуна
∗ Нур Эл ∗ УТРК
∗ Обон
∗ Аргумент.kg ∗ Лозунг
∗ СССР ∗ Адилет
∗ Vesti.kg ∗ Айкын саясат
∗ Майдан.kg ∗ Саясат пресс
∗ Параграф ∗ Биринчи радио
|
11:11 (25.01.2012)
Айыл чарбасындагы кайра кайра кайталануучу ыкмадан качуу мезгили келди
Депутат А.Кочкорбаев
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдимуталип Кочкорбаев Өлкөбүздөгү 2012-жылдын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү 20 жылдан бери пайдаланылып келинген эски ыкма менен башталууда. Мурункудай эле арпа, буудай, жүгөрү, кант кызылчасы, пахта, тамеки, май өсүмдүктөрүн жана башка жашылчаларды мынча аянтка эгебиз деген план милдеттенме алып жатабыз. Аталган эгиндерге жетиштүү үрөн, жер семирткич, күйүүчү май таап, аларды айыл чарба техникалары менен камсыз кылып, колдоо көрсөтүп келе жатабыз деген аракеттер болууда. Бирок булардын баары чындыкка туура келбеген, кошуп жазуу болуп келүүдө. Бир гана «Дыйкандарга жеткиликтүү кредит» дегенден башка дыйкандарга иштиктүү жардам жок. «Дыйкандарга жеткиликтүү кредит» да банк аркылуу берилип, ал банктан колунда бар, күрөөгө коё турган мүлкү бар гана дыйкан алып, карапайым дыйкан тиешелүү кагаздарды топтой албай, ал кредитке жете албай келүүдө. Жогорудагы аталган иш-чараларды көп жылдардан бери кайталап, талкаланган айыл чарбабызды андан ары да талкалоонун алдында турабыз. Башкача айтканда, өткөн жылдардан сабак албай келүүдөбүз. Белгилүү болгондой жогоруда аталган эгиндер дыйкандар тарабынан өндүрүлгөндөн кийин, арзан баада сатылып, өзүн өзү актабай келүүдө. Анын натыйжасында продукция өндүрүүчүлөр эч пайда таба албай, же курсагын бага албай же алган кредиттерин өз убагында төгө албай кыйналышууда. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, анын ичинде Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин милдеттеринин бири дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул иштерди аткарууга өтө чоң акылдын кереги жок. Башкача айтканда, тез арада Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги кошуна мамлекеттерде (Россия, Казакстан ж.б.) кандай айыл чарба продукциялары көбүрөөк керектелерин алар менен биргеликте аныктап, биздин дыйкандардын мүмкүнчүлүгүн эске алып, ал мамлекеттер менен атайын келишим түзүүсү зарыл. Андан кийин ал келишимдин негизинде биздин айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дыйкандарга, талап кылынуучу эгиндин түрү жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды тез жана өз убагында жеткирүү керек. Бүгүнкү күндө 20 жыл мурдагыдай кайра кайра кайталануучу ыкмадан качуу мезгили келди. Аталган сунуш Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылганына карабастан, өкмөт тарабынан бир да кадамдар жасалбай, айтылган сөз айтылган боюнча калууда.
Пикир:
|
«Окурмандан ой-пикир» рубрикасындагы бардык материалдарды карап чыгуу. | ||||||||
|
© «Баракелде» 2010-2011 «Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган. Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн. | Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189 Тел: +996 (312) 45 66 72 Факс: +996 (312) 65 02 04 E-mail: barakeldeorg@gmail.com |