|
Окурмандардын ой-пикири редакциянын пикири менен төп келишпейт жана рубрикада жайгашкан материалдар үчүн аны жиберген окурман өзү жоопкерчилик алат. Өзүңүздөрдүн макала, ой-пикир, талкууларыңыздарды төмөнкү даректер аркылуу жөнөтүңүз: barakeldeorg@gmail.com |
|||||||||||||||||||||||||
|
Маалымат булактары:
∗ Баракелде ∗ АКИpress
∗ «Вечерний Бишкек» ∗ «МСН»
∗ «Общественный рейтинг»
∗ «Комсомольская правда-Кыргызстан»
∗ «Слово Кыргызстана» ∗ «Дело №»
∗ «МК-Кыргызстан» ∗ «Парус»
∗ «Кабар» маалымат агенттиги
∗ «Замандаш пресс» маалымат агенттиги
∗ Бишкекский пресс-клуб
∗ Институт общественной политики
∗ «Азаттык» радиосу
∗ Voice of freedom
∗ Би-Би-Си радиосу
∗ Diesel Forum
∗ 24.kg маалымат агенттиги
∗ CA-News: Борбордук Азия жаңылыктар кызматы
∗ «Лимон» ∗ «Агым»
∗ «Учур» ∗ «Эл сөзү»
∗ «Аят пресс» ∗ «Фабула»
∗ «Кыргыз туусу» ∗ «Назар»
∗ «Пресс.kg» ∗ «Заман Кыргызстан»
∗ «Кыргыз Руху» ∗ «Кутбилим»
∗ «Асман пресс»
∗ «Арт kg» ∗ «Ислам нуру»
∗ «Ислам маданияты»
∗ «Тарыхый мурас»
∗ «Асман.kg» ∗ «Алиби»
∗ «Айыл өкмөтү» ∗ «Эркин Тоо»
∗ «Кылмыш жана жаза» ∗ «Аалам»
∗ «Апта» ∗ «Мурас»
∗ «Ачык саясат» ∗ «Жаны ордо»
∗ Айгай ∗ Супер-инфо
∗ Тамчы ∗ Ледиkg
∗ Мезгил ∗ Трибуна
∗ Нур Эл ∗ УТРК
∗ Обон
∗ Аргумент.kg ∗ Лозунг
∗ СССР ∗ Адилет
∗ Vesti.kg ∗ Айкын саясат
∗ Майдан.kg ∗ Саясат пресс
∗ Параграф ∗ Биринчи радио
|
14:17 (09.02.2012)
Нарында билим берүүнүн сапаты жакшырат
Б.Белеков, Нарын облусу
Акыркы ондогон жылдардын арасында республикабыздагы орто мектептердеги билим берүүнүн сапаты жалпысынан алганда, төмөндөп кеткендиги жашыруун деле эмес. Көр тирликтин айынан таптакыр мектепке барбай калган мектеп жашындагы балдарыбыз ар бир региондордо четтен чыгат. Ал эми айлык акыларынын тартыштыгынан албетте, өткөн жылы өкмөт тарабынан мугалимдердин маяналарын көтөргөнгө чейин көптөгөн эл агартуунун мыкты адистери эчак эле кесиптерин алмаштырып кетишкендиги да белгилүү. Мына ушул маселелердин тегерегинде өткөн жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу Канатбек Муратбековдун демилгеси менен Нарын облусундагы орто мектептердин арасында билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдынкы мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу максатында бир нече пунктту камтыган атайын Жобо иштелип чыгып, анда мектептер арасында кароо сынак уюштуруу белгиленген. Жакында мына ушул Жобого ылайык, облустук млекеттик администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Абдраимакунова баш болгон курамында мыкты мектеп директорлору, алдынкы мугалимдер, ата-энелер комитеттеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия Ат-Башы районунун дээрлик мектептериндеги иштер менен жеринде таанышып чыгышты. Комиссиянын жетекчиси жана бул кызматка жаңыдан дайындалган облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ч.Абдраимакунова кабарчыбызга баш байгесине жеңил автомашина коюлган мектептер арасындагы кароо-сынактын жыйынтыгы ушул жылдын күз айларында жыйынтыкталарын, Ат-Башы районунун билим берүү тармагындагы иштер менен таанышуу комиссиясынын биринчи иш сапары экендигин белгилеген. Тоолуу облустун айылдарындагы социалдык маселелерди ички резервдердин күчү менен чечүү, айылдардын социалдык экономикалык шартын жакшыртуу багытында өткөн жылы аталган облуста «Элетти көтөрүү - элдин колунда” аттуу айыл өкмөттөр арасында уюштурулган алгачкы кароо сынактын баш байгесине да жеңил автомашина коюлган эле. Пикир:
|
«Окурмандан ой-пикир» рубрикасындагы бардык материалдарды карап чыгуу. | ||||||||||||||||||||||||
|
© «Баракелде» 2010-2011 «Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган. Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн. | Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189 Тел: +996 (312) 45 66 72 Факс: +996 (312) 65 02 04 E-mail: barakeldeorg@gmail.com |