logo Окурмандардын ой-пикири редакциянын пикири менен төп келишпейт жана рубрикада жайгашкан материалдар үчүн аны жиберген окурман өзү жоопкерчилик алат.

Өзүңүздөрдүн макала, ой-пикир, талкууларыңыздарды төмөнкү даректер аркылуу жөнөтүңүз:
barakeldeorg@gmail.com
Ысмы:

Пароль



Каттоо

10:53 (17.02.2012)
Ош шаарынын тургундарына кайрылуусу
«Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата Журт» партияларынын

Урматтуу ордолуу Ош шаарынын тургундары!

Ардактуу агайын туугандар!

Жалпыңыздар жакшы билгендей, 2012-жылдын 4-мартында Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болот. Бул шайлоонун Кыргызстандын Түштүк Борбору болгон ордолуу Ош калаасы үчүн тарыхый мааниси өтө чоң. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына» ылайык, жаңы шаардык кеңеш алдыдагы беш жыл аралыгында Ош шаарынын саясый жана социалдык-экономикалык саясатын аныктап, шаардын жетекчисин шайлайт.

Элибизде ордолуу «Ош шаары Кыргыз мамлекетинин түркүгү» деген акыйкат кеп бар. Андыктан 4-марттагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жалгыз гана Оштун жашоочулары эмес, жалпы кыргызстандыктарга жоопкерчилиги зор саясый иш-чара экени жамы журтка жакшы маалым. Ошондон улам Оштогу шайлоого сегиз партия ат салышып, учурда саясый таймаш курч мүнөздө жүрүүдө.

Урматтуу шайлоочулар!

Эмне үчүн Ош шаардык кеңешин шайлоого республикабыздагы эң күчтүү «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата Журт» саясый партиялары катышпай калды? Бул суроону бизге жер-жерлердеги күйөрмандарыбыз, Ош шаарынын тургундары менен жалпы шайлоочуларыбыз байма-бай беришүүдө. Андыктан учуру келгенде биз бул суроого эл алдында ачык, так жана айкын жооп берүүнү туура көрдүк.

Шайлоо алдында «Бүтүн Кыргызстан», «Ата Журт» жана «Улуттар биримдиги» партияларынын лидерлери, саясый кеңештин мүчөлөрү өз ара акылдашып, Ош шаардык кеңешин шайлоого кубаттуу бир күч болуп баруу тууралуу сүйлөшкөн элек. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата Журт» партиялары шайлоого түздөн-түз катышпай, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду колдогон «Улуттар биримдиги» партиясын колдоо тууралуу макулдашууга жетиштик. Бул алдыдагы багыты бир, саясый көзкараштары окшош жана мекенчил позицияны тутунган республикабыздагы ири саясый күчтөрдүн мырза-жигиттик биригүүсү болду!

Саясый биримдиктин негизги максаты – көп улуттуу Кыргызстан элин баш коштуруп, Ордолуу Ош жергесинде карапайым калк урматтаган адилеттүү бийликти сактап калуу. «Бүтүн Кыргызстан», «Ата Журт» жана «Улуттар биримдиги» партиялары жалпы Кыргызстан калкынын улуттук биримдигин чыңдап, өлкө бүтүндүгүн коргоо боюнча мындан ары да бирдиктүү саясый иш-чараларды уюштура бермекчи.

Кадырлуу жердештер!

Эртеңки шайлоодо байыркы Ош шаарынын келечек тагдыры таразага коюлуп жатат. Андыктан акыл калчап, көп улуттуу Ошубуздун бейпилдиги жана жаркын келечеги үчүн «Улуттар биримдиги» партиясына добуш берүүгө чакырабыз!

Анткени «Улуттар биримдиги» партиясы ачык колдогон М.Мырзакматов мекенчил лидер катары акыркы үч жылда Ош шаарынын “кайра жаралуу жана жаңылануу доорун” жарата алды. Дал ушул мезгилде ЮНЕСКО уюму Фергана өрөөнүнүн ыйык жүрөгү болгон Сулайман тоону бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине кабыл алды. Мэрдин демилгеси менен Ош шаарынын көрүнүктүү жерлерине Кыргыз мамлекетин түптөөгө салым кошкон Айкөл Манас Баатырдын, Барсбек Каган менен Курманжан Датканын, “Кыргыз көчү” монументалдык комплекси менен Алымбек Датканын айкелдери орнотулду. Бул шаардын жүзүн жаңыртып, жалпы жарандардын мекенчил духун ойготту!

М.Мырзакматов өндүрүштү мыкты билген жетекчи катары Ошто заманбап жолдорду салууга, суу проблемасын чечүүгө жана жаңы үйлөрдү курууга чоң күч үрөгөнүн калаа тургундары жакшы билет. Акыркы кезде ордолуу Ошто эл ташуучу жаңы унаалар көбөйүп, шаардын тазалыгы жакшырганы жашыруун эмес. Эртеңки шайлоодо «Улуттар биримдиги» партиясы жеңишке жетсе Ошто жогорудагыдай жаратмандык иштер уланары бышык. Андыктан байыркы Ошубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн «Улуттар биримдиги» партиясына добуш берүүгө чакырабыз!

 

Урматтуу мекендештер!

Ош көп улуттуу шаар. Ордолуу Ошто кыргыз менен өзбек калкы кылымдар бою ынтымак-ырашкерликте жашап келген. Тилекке каршы, 2010-жылы июндагы коогалаңда сепаратисттик маанайдагы кээ бир саясый авантюристтердин арам аракетинен улам мамлекетибиздин бүтүндүгүнө чоң коркунуч туулду. Бул кандуу жаңжалдын чыгышына ордолуу Ошту өз үй, өлөң төшөгүндөй көргөн кыргыз менен өзбек элинин эч бир тийешеси жок. Кандуу калабаны бийлик талашкан саясатчылар менен аларга алданган сепараттисттер баштады. Кыргызстандын тагдыры кыйын кезеңге кабылган дал ошол мезгилде мекенчил күчтөр менен бирдикте калаа башчысы да улуттар аралык араздашууну токтотууга, эки элди ынтымакка келтирүүгө жана шаарда бейпилдикти орнотууга чоң салым кошту. Эки элдин тарыхый үмүт-тилегин эске алып, Оштогу мекенчил күчтөр «Улуттар биримдиги» аттуу партияны түптөп, чоң жарышка аттанышты. Андыктан шаарда миң жылдап бирге жашаган кыргыз жана өзбек элдеринин ынтымагы жана ордолуу Оштун тынчтыгы үчүн баарыңарды «Улуттар биримдиги» партиясына добуш берүүгө чакырабыз!

 

Ардактуу агайын туугандар!

Ош шаардык кеңешинтик шайлоого борбордук бийликтин арыгын чапкан саясый партиялар да атсалышууда. Алар административдик ресурсту кеңири колдонуу менен, мамлекеттик кызматчыларга каттуу кысым көрсөтүп жатканы маалым. Шайлоодо өз максаттарына жетүү үчүн бийлик партиялары участкалык шайлоо комиссияларына “план” жүктөп, шайлоочулардын добушун бурмалаганга даяр. Андыктан алардын арам ойлорун таш каптыруу үчүн баарыбыз бирдиктүү түрдө мындай кысымга “жок” деп жооп берели. Биз бириккенде гана алар шайлоодо көз боемочулук кыла албайт. Келгиле, «Улуттар биримдиги» партиясынын айланасына биригели! Ошту гүлдөгөн берекелүү шаарга айланталы десек, анда баарыңарды «Улуттар биримдиги» партиясына добуш берүүгө чакырабыз!


Пикир:


Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
stan.kg
17:40 (17.02.2012)
Бүтүн Кыргызстан менен Ата-Журтка эмне жок деймда.Алар кошулбаса деле Мырзакматовдун партиясы элдин көп добушун алмак болуш керек.Жалан гана түндүктүк же түштүктүк партиялардын биригиши бул өлкөнүн келечине өтө чон коркунуч туудурат.Булар кийинкисин ойлонбой өздөрүнүн кызыкчылыктарын алдыга коюп жатышат.Ош шаарын оңдогонго албетте мердин аракети менен болуп жатат дечи,бирок ал жакка акчаны өкмөт берип жатат да.Мырзакматов өз жанынан төлөгөнсүп баары эле тигинтти,минтти деп эле жатышат.
frvfn
17:27 (17.02.2012)
Улуттар биримдиги партиясы Оштун озбек улутундагылар жашаган жерлерге бут озбекче жазып илиптир. Кыргыз республикасында мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тили гана бар. Ата Мекен партиясы мыйзамды сактап эки тилде гана угут иштерин жургузуп жатат. Ал эми мен кыргызмын деп кокурок каккан Улуттар биримдиги "Милатлар биргиликта" деп озбек тилинде жазганы окундурот. Республика СДПК да озбекче жазган. Ал го эми угут материалы эн негизгиси партиялардын тизмесиндеги талапкерлерди биринчи жыйырмалыгын карап корсонор Улуттар биримдигинде 6 озбек улутунда, Республикада 5 озбек улутунда, СДПК озбек улутундагы талапкерлерди депутаттыка алып кетип жатыша. Бул деген ушул уч партия отсо жок дегенде 10-15 озбек депутат болот деген соз. мына кыргызым бугунку биздин патиротмун, кыргыз дегенде канымды аябайм дегендердин бийлик учун кылып жаткан иштери.
ufo_kg
11:00 (17.02.2012)
МЕЛИС ака патриот болмонуз эмне учун ОЗБОКЧО жаздыныз , Он Адыр менен Туранга, жок дегенде Ата-Мекенге окшоп Орусча жазбайт белениз. ??????

«Окурмандан ой-пикир» рубрикасындагы бардык материалдарды карап чыгуу.

© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com