Окурмандардын каттары
Ушундай жакшы ишти баштаганыңыздар үчүн чоң ырахмат айтып, терең ыраазычылык билдиргим келет. Эне тилибизде окубасак, сүйлөбөсөк жана аны колдонбосок, тилибиз жок болуп кетиши кыска мөөнөттө эле мүмкүн. �?шиңиздерге албан-албан ийгилик каалап, тилибиздин жана кыргыз маданиятынын өсүп өркүндөөсүнө чоң салым кошкон долбоор болушуна чын жүрөктөн ишенем. Ушул жолдо жасаган ар бир кадамыңыздар абдан маанилүү. Сиздерге чын ден-соолук каалап, Шерикбек Акимов, Анталия, Түркия Жумурияты.
Урматтуу «Баракелденин» жамааты! Сиздердин сайтыңыздарды көрүп, абдан кубандым. Чындыгында акыркы кездерде эне тилибиздеги сайттар көбөйдү, бирок маалымат агенттиги жокко эсе эле. Сиздерден болгон чындыкты чыркыратып, элге таза маалымат бересиздер деген үмүттөбүз жана күтөбүз. Чындыгында, азыркы кырдаал бир аз оор, бүткүл кыргыз эли ММКлардан маалыматтарды күтүп калды, ошондуктан туура жана так, элди экиге бөлбөгүдөй кылып маалымат берсеңиздер, кыргыз элинин биримдүүлүгүнө чоң салым кошкон болот элеңиздер. Сиздерге ийгилик каалап, Оштон Уланбек Шадиев.
Саламатсызбы, мен Түркияда жашаган кыргызмын. Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды билбей тынчым кетип кайгырып жүрдүм эле. Чет мамлекетте жашагандар жакшы билишет, эмнеге өз тилибизде сүйлөбөйбүз, эмнеге тилибизди коргобойбуз, эмнеге башка улуттардай болуп патриот эмеспиз деп кайгырамын. Жанылыктарды окуй турган кыргыз тилинде так жана түшүнүктүү сайт бар болду бекен деп издеп жатып, сиздин сайтты көрүп калдым, кубанычым койнума батпай сүйүнүп кеттим. Сизге чон рахмат. �?шиңиздерге ийгилик каалайм. Ар дайым бар болуңуздар. Бактыгүл Абдуллаева
|