|
||||||||||
|
Маалымат булактары:
∗ Баракелде ∗ АКИpress
∗ «Вечерний Бишкек» ∗ «МСН»
∗ «Общественный рейтинг»
∗ «Комсомольская правда-Кыргызстан»
∗ «Слово Кыргызстана» ∗ «Дело №»
∗ «МК-Кыргызстан» ∗ «Парус»
∗ «Кабар» маалымат агенттиги
∗ «Замандаш пресс» маалымат агенттиги
∗ Бишкекский пресс-клуб
∗ Институт общественной политики
∗ «Азаттык» радиосу
∗ Voice of freedom
∗ Би-Би-Си радиосу
∗ Diesel Forum
∗ 24.kg маалымат агенттиги
∗ CA-News: Борбордук Азия жаңылыктар кызматы
∗ «Лимон» ∗ «Агым»
∗ «Учур» ∗ «Эл сөзү»
∗ «Аят пресс» ∗ «Фабула»
∗ «Кыргыз туусу» ∗ «Назар»
∗ «Пресс.kg» ∗ «Заман Кыргызстан»
∗ «Кыргыз Руху» ∗ «Кутбилим»
∗ «Асман пресс»
∗ «Арт kg» ∗ «Ислам нуру»
∗ «Ислам маданияты»
∗ «Тарыхый мурас»
∗ «Асман.kg» ∗ «Алиби»
∗ «Айыл өкмөтү» ∗ «Эркин Тоо»
∗ «Кылмыш жана жаза» ∗ «Аалам»
∗ «Апта» ∗ «Мурас»
∗ «Ачык саясат» ∗ «Жаны ордо»
∗ Айгай ∗ Супер-инфо
∗ Тамчы ∗ Ледиkg
∗ Мезгил ∗ Трибуна
∗ Нур Эл ∗ УТРК
∗ Обон
∗ Аргумент.kg ∗ Лозунг
∗ СССР ∗ Адилет
∗ Vesti.kg ∗ Айкын саясат
∗ Майдан.kg ∗ Саясат пресс
∗ Параграф ∗ Биринчи радио
|
18:40 (28.06.2011)
Жашоосунда табышмактуу 3 саны коштоп жүргөн
Чубак Сатаев
Чубак жөнүндө: Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Атактуу ырчыдагы таланттын көрөңгөсү апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнүп алат. Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болот. «Сен олуттуураак ырларга өт» деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. «Арман, ай», «Кайгырбачы, кан досум» «Кең дүйнө», «Ак бата», «Түштүк кызы» ырлары хит болуп, бүгүнкү күнгө чейин ырдалып жүрөт. Сыйлыктары: Талас облусунда өткөрүлгөн «Беш-Ыргай» фестивалында экинчи орунду алып, «Беш-Ыргай фестивалынын лауреаты» деген грамота менен сыйланган.
33 ЖАШ, 33 ЫР жана табышмактуу 3 саны Чубак Сатаев эки жолу жол кырсыгына кабылат. Биринде велосипед менен келе жатканда машина уруп кетип, мээси чайкалып калат. Экинчисинде Токтогулдан гастролдон келе жатып, автокырсыкка кабылып колу-буту сынып, дарыгерлер бутун кесүүнү чечишет. Бактыга жараша, Калык аттуу табып бутун кестирбей дарылап, бутуна тургузган экен. Эч кимден тайманбаган чечкиндүүлүгү менен бирге эле анда боорукер жүрөк жана ак көңүлдүгү, жөнөкөйлүгү басымдуулулук кылган дешет замандаштары. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен. Талант 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышат. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, «кежигем тырышып жатат» деген боюнча жыгылып калат. Реанимацияда 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен экен. Турмушта Чубак Сатаевди «3» деген сан коштоп жүргөндүгү анын өмүр-жолуна жакшылап саресеп салган адамга белгилүү болот. Мисалы: туулган күнү – 13-январь, жашоосундагы 3 аялзаты, 3 уулу, 33 жашында 33 ыр жараткандыгы, өлгөн жылы да 1993-жылга туш келгендиги табышмактуу да, сырдуу да көрүнөт. Сүйүүсү: Чубак Сатаевдин биринчи сүйүүсү курсташына арналган дешет. Экөө сүйлөшүп, Чубак Сатаев ага аскерден кат жазып, келгенде үйлөнүүнү көздөйт. Тилекке каршы, кыздын эки агасы кайтыш болуп кетип, анын туугандары өлгөндөргө сый-урматы бүткөнчө турмушка чыкпасын айтышат. Бирок ата-энеси уулунун үйлөнүүсүн талап кылат. Ошентип, нике кайып болуп биринчи жубайы Айшага үйлөнгөн. Андан Кубаныч, Бакыт, Таалай аттуу үч уулдуу болот. Кийин жылдызы жанып турган маалда экинчи жубайы Кенжеге үйлөнөт. Өмүрүнүн көп бөлүгү ушул аял менен өткөн экен. Бирок экөөнүн ортосунда бала болбойт. Ысымы ыйгарылган жерлер: Чубак Сатаевдин ысымы айылдык клуб, Боо-Терек айылындагы борбордук көчөгө, Талас облустук депутаттардын чечими менен Талас шаарындагы Шевченко көчөсү да Чубак Сатаев болуп өзгөргөн. Трагедиялуу өлүмү: Дарыгерлер Чубак Сатаевге кан басымы көтөрүлүп кеткен деген диагноз коюшкан. Бирок ырчынын өлүмү боюнча аны душмандары «уулантып өлтүрүштү» деген да имиш кептер бар. Ырчынын жоруктарынан: Жубайы Кенже ырчыны аябай кызганчу дешет. Бир күнү эртең менен шылдырак черткен досу Каныбек менен көпкө Чубак Сатаевдин бир таанышы Айыл чарба институтунун жатаканасынын коменданты болуп иштеп калат. Ал жерден анда-санда достору менен эс алганга ырчы үчүн бөлмө алып берип коёт. Бир жолу Чубак жатаканага үч күн түнөп калат. Телефон шыңгыраса эле чуркап барып, «комендант слушает» деп ала коёт. «Ай, Чуке, койсоңчу, аялың издеп чалып калса, кармалып калба» деп эскертсе, «бул жакты кайдан билмек эле» дейт. Аңгыча эле телефон дагы шыңгырап калат. Адатынча «алло, комендант слушает» десе, аялы экен, үнүн таанып калып «кайда жүрөсүң?!» деп кыйкырып баштайт. Анда шашып кеткен Чубак ага эмне кыларын билбей «девушка, вы не туда попали» деп трубканы коюп коюптур. Бир жолу Чубак Сатаев досу менен троллейбуска түшөт. Ичиндеги жүргүнчүлөр «Чубак, Чубак» деп шыбырашып калышса, Чубак катуу үн менен «мен Сыргакмын, КамАЗ айдайм» деген тура, иниси Сыргактын атын сатып. Эскерүүлөр
Элдердин атасы уулдарына мураска үй, машина, калтырып кетсе, менин атам мага кадыр-барк калтырып кетти. Атам бизге үйдө мээримдүү ата болчу. Апам тартипсиздик кылганда урушуп, атама айткан учурда бизди катуу жазалабай, сыпайы гана урушуп койчу. Бир жолу 2-3-класста окусам керек, тамеки тартып апама кармалгам. Атама айтса, жөн гана «уулум кой, андай кылба» деп койгон. Атам өзү тазалыкты сүйгөн, эмгекчил, олуттуу киши эле. Үйдө болгон учурда бак-дарактардан бери актап, тегерек четин тазалап, аябай эмгектенчү. Башка ырчылар сыяктуу атам мамлекеттен сыйлык да, наам да алганга жетишпей кете берди. Атамдын жанында шылдырак уруп жүрчү кишини эстейт чыгарсыздар, Каныбек Мамбетов үйгө эң биринчи келген. Жакын досторунан ошол киши, Болот Алыкулов эле. Борончу Кудайбергенов атамдын өкүл баласы болгондуктан, биздикинде көп болчу. Жаныбек Алыкулов, Жетимиш Таскаев, Медербек Кадыршаев, Абидин Темировдор келгени эсимде. Абидин байкенин атамды эскергени бар. Жаныбек байке «Шорпо» ыры менен дүңгүрөп турганында чогулуп, Таласка келишет. Атам сөгүнүп сүйлөөр эле. Аларды тосуп атып дагы таластыктарча сөгүнүп алат. Абидин байке анысына адегенде таарынып калат. Анда жанындагылары: «Абидин, таарынба! Чубак эки сөзүнүн биринде сөгүнөт» деп түшүндүрүшкөн дейт. Эртеси экөө тил табышып, досторчо сөгүнүп калышыптыр. Шахерезада Аскарова эженин да келгенин билем. Бир ирет «Кызбурак» тобу менен биргелешип, стадиондо концерт койгону эсимде. Ошол убакта эле шоу-концерттерди уюштурган экен. Азыр стадионго концерт коюш кыйын. Азыркылардан эч кимибиз андай концерт кое албасак керек. Ал кишинин концерти болсо, эл ири стадионго деле толо келип берчү. Эл аны ушунчалык жакшы көрчү. Улуттук филармонияга 20 күн концерт берген. Бул жагынан да атам тарыхта калса керек. Жанында жүргөн аяш аталарымдын айтымында, 2 саат бою жандуу үн менен ырдачу экен. Күч келип, ошонун баары ден-соолугуна зыян болгондур деп ойлоп калам. Ден соолугуна караган да эмес, кам көргөн да жок. Эл деп эле жүрө берчү тура. Иниси Кушчубек Сатаев: Каза болоруна аз күн калганда Көлгө гастролго кетмекпиз. Түнкү саат төрттө уктап жатсам, чакыртып калды. Таң калып Байкемдин өлүмү тууралуу ар кандай имиштер чыкты. Байкемди ууланткан адамдарды колунан кармап албагандан кийин «тиги уулантты, бул уулантты», деп айта албайбыз. Байкемди чакырып кеткен келиндин ошону менен дайыны чыккан жок. Кумга сиңген суудай жоголду. Анан кимден сурамак элек. Кимдин күнөөлүү экенин жалгыз гана Жараткан билет. Кудайга койдук. Булак: Баракелде Пикир:
|
Өзүңүздөрдүн макала, ой-пикир, талкууларыңыздарды төмөнкү даректер аркылуу жөнөтүңүз:
barakeldeorg@gmail.com 18.05.2012
С.Наркеев, ЖаМУ Аксы колледжинин доцентиМамлекеттүүлүгүбүздүн башаты жана эгемендүүлүккө карай жол |
||||||||
|
© «Баракелде» 2010-2011 «Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган. Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн. | Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189 Тел: +996 (312) 45 66 72 Факс: +996 (312) 65 02 04 E-mail: barakeldeorg@gmail.com |