|
||||||||||
|
Маалымат булактары:
∗ Баракелде ∗ АКИpress
∗ «Вечерний Бишкек» ∗ «МСН»
∗ «Общественный рейтинг»
∗ «Комсомольская правда-Кыргызстан»
∗ «Слово Кыргызстана» ∗ «Дело №»
∗ «МК-Кыргызстан» ∗ «Парус»
∗ «Кабар» маалымат агенттиги
∗ «Замандаш пресс» маалымат агенттиги
∗ Бишкекский пресс-клуб
∗ Институт общественной политики
∗ «Азаттык» радиосу
∗ Voice of freedom
∗ Би-Би-Си радиосу
∗ Diesel Forum
∗ 24.kg маалымат агенттиги
∗ CA-News: Борбордук Азия жаңылыктар кызматы
∗ «Лимон» ∗ «Агым»
∗ «Учур» ∗ «Эл сөзү»
∗ «Аят пресс» ∗ «Фабула»
∗ «Кыргыз туусу» ∗ «Назар»
∗ «Пресс.kg» ∗ «Заман Кыргызстан»
∗ «Кыргыз Руху» ∗ «Кутбилим»
∗ «Асман пресс»
∗ «Арт kg» ∗ «Ислам нуру»
∗ «Ислам маданияты»
∗ «Тарыхый мурас»
∗ «Асман.kg» ∗ «Алиби»
∗ «Айыл өкмөтү» ∗ «Эркин Тоо»
∗ «Кылмыш жана жаза» ∗ «Аалам»
∗ «Апта» ∗ «Мурас»
∗ «Ачык саясат» ∗ «Жаны ордо»
∗ Айгай ∗ Супер-инфо
∗ Тамчы ∗ Ледиkg
∗ Мезгил ∗ Трибуна
∗ Нур Эл ∗ УТРК
∗ Обон
∗ Аргумент.kg ∗ Лозунг
∗ СССР ∗ Адилет
∗ Vesti.kg ∗ Айкын саясат
∗ Майдан.kg ∗ Саясат пресс
∗ Параграф ∗ Биринчи радио
|
16:54 (07.12.2011)
Таттыбүбү менен Болоттун сүйүүсү, жалгыздыгы, тагдыры
Дөө-шаалардын тагдыр тамчылары
«Рух-суусунду сендей талант-өзөндөн Таттык, бастык жаркын талант көчөңдөн. Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа, Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн», - деп дагы бир жаш кеткен чыгаан акын Жолон Мамытов жазгандай сулуулуктун, бактысыздыктын оор жүгүн көтөргөн актрисанын тагдырын трагедияга айланткандарды кийинки муун эч качан кечире албайт. Өткөн саныбызда Бакен Кыдыкееванын тагдыр тамчыларына кайрылсак, бул жолкуда белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев Таттыбүбү Турсунбаеванын турмушундагы айрым эл билбеген жагдайлар тууралуу айтып берет.
Болот Бейшеналиевдин сыры -- Таттыбүбү Турсунбаева эженин тагдыры өзүнүн сүйүүсүнөн айрылып калгандыктан татаал, ташкак жолго түшүп, өмүрүн
Курсташтын тагдырларга балта чапканы -- Ошол күнү калаадан кечинде капысынан курсташы Имашка жолугуп калат. Сүйүнүчү койнуна батпаган Таттыбүбү «Болот экөөбүз баш кошкон жатабыз» деп сүйүнчүлөйт. Бул жерде Таттыбүбү эженин сулуулугу жөнүндө, Ташкентте 1-курста окуп жүргөндө эле Таттыбүбү эже уламыш болуп калганын айтып кетиш керек. Анын артынан кыргыздын жигиттери эле эмес башка улуттун жигиттери да көңүлүн алганы абдан аракет кылган. «Мурдатан эле Таттыбүбүгө көз артып жүргөн Имаш Эшимбеков кубанычыңарды тең бөлүшүп куттуктап коеюн деп Таттыбүбүнү бир үйгө ээрчитип барат. Ал жерден «сенин кубанычың менин кубанычым» деп башында вино, андан кийин арак менен сыйлап, өз максатына жетет. Эртең менен Таттыбүбү бул эмне кылганың деп аябай ыйлайт. Имаш аны сооротот. Дагы алдайт. Жакшы сөздөрүн айтат. «Эми сен менин аялым болуп калдың, мен сени бактылуу кылам», - дейт. Ошону менен мага жолугушууга келе албай калганТаттыбүбү аябай кыйналат, аргасыз Имаш менен калат. Жашагысы келбейт. Мен болсом ата-энемди көндүрүп, Фрунзеге бактылуу маанайда келгем. Бирок Таттыбүбүнү издеп табалбай койдум. Таң калдым. Күттүм. Кийин сентябрда окуу башталганда, Таттыбүбүнү ошондо көрдүм. Ал мага ыйлады. «Мени кечир» деп… Имаш менен Таттыбүбүнүн чакан студенттик тою өттү» деп Болот байке эскерди.
Бактысыз үч тагдыр -- Бул окуядан кийин Таня эже (Таттыбүбү эжени киночулар Таня деп тергечү) өзүн тирүү арбактай сезип жүрдү. Болот байке болсо окуусун таштайм деген ойго келет. Бирок устаттары ага макулдугун бербейт. Кызык нерсе, Имаш Эшимбеков деле бактылуу болуп кетпейт. Ошентип бир эмес, үч тагдыр талкаланат. Илгери, мен Америкага бардым эле. Бир күнү телевизорду көрүп олтурсам, Тина Тернер аттуу дүйнөгө атагы чыккан ырчы айымдын чыныгы тагдыры тууралуу тартылган фильмди көрдүм. Күйөөсү шумдуктай сабаганына карабай, анын топтой тепкенине карабай, Тина ошонун баарын элден жашырып, чоң ийгиликтерге жетет. Фильмди көрүп жатып эмнегедир Таттыбүбү эженин тагдырын көрүп олтургансыдым. Угушум боюнча, анын күйөөсү да абдан кызганчаак, каардуу болгон экен. Болот байкенин мүнөзү, тескерисинче, жумшак, адамга жугумдуу эле.
«Таня эженин чачы түшүп жатыптыр» -- Мен өзүм Таня эжеге 36 жаштагы кезинде таанышкам. 1979-жылы «Нөшөр» деген фильмимди баштаганда Таня эжени башкы каарман аялдын образын жаратууга чакыргам. Ушунчалык сулуу, бирок күйөөсү жок, карыган кайын энесин багып жүргөн аялдын тагдырын ойномок. Чынын айтканда, өзүнүн өмүрүн чагылдырмак. Накта кыргыз аялынын касиети бар образ эле. Эже апамды багып жатам деп баш тартты. Ага болбой ойноп берүүсүн сурандым. Таня эже шумдуктуудай таланттуу эле. Текст менен тааныштырсам, ошол замат эле эже келиштирип образды жаратып койду. Эженин талантына аябай таң калдым. Эже макул болгон менен ошол кезде чачы түшүп жатыптыр. Чачы кыска. Жасалма чач «Мосфильмден» жасатып келдик. Ал чач келишпей койду. Бүгүнкү күнгө чейин мен арманда болуп жүрөм. Таня эжени киного тартпай калганыма. Акыры бул ролду Кыз Жибектин образын жараткан казак актрисасы Мируэрт Утекешованы чакырдым. Бирок Таттыбүбү эженин деңгээлине жетмек кайда.
«Ак Мөөр менен Болоттой болушту» -- Эми эң кайгылуу сөзгө өтөлү. Көралбас достору Таттыбүбү эжени кышында бирөөнүн туулган күнүн тоодон белгилөөгө чакырышат. Мас кылып туруп атайын кардын үстүнө таштап кетишет. Башы кардын үстүндө калып, уктап калат. Ошондон менингит оорусуна чалдыгып калат. Бакен Кыдыкеева эжени коом, эси жок бийлик кайдыгерлик менен өлтүрсө, Таттыбүбү эжени кесиптештери ишенчээктигинен пайдаланып, ичи тарлык кылып өлтүрүп жок кылышкан. Көралбастык - бул элибиздин арасында жүргөн вирус болуп калды. Таттыбүбү эже 1985-жылы жапжаш бойдон каза болгон. «Ак Мөөр» фильминде Ак Мөөр менен Болот тиги дүйнөдө жолугуша албай кайчылаш өтө беришет эмеспи. Болот менен Таттыбүбү чыныгы жашоодо ошондой эле болушкан. Бири-бирине жетүүгө колдорун созгону менен түркүн тоскоолдуктар экөөнү ажыратып турган. Мүмкүн алар тиги дүйнөдөн бири-бирин табышкандыр…
Таттыбүбүгө Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук, Баарын шилеп, көкүрөккө толтурдук. Бизге энчиге берилгендей ушул көрк Канча оюнда жагалданып отурдук.
Ай чырайлуу жумур дене Жоконда Кыргызымда бир жаралган экен да. Бир эркелеп бул турмуштун шаңына Эл-күзгүгө бир каранган экен да!
Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган Элиң эсен оюнуңа агылган. Сезимдерде кайталанып тураарсың Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.
Жолон Мамытов Булак: "Де-факто" Пикир:
|
Өзүңүздөрдүн макала, ой-пикир, талкууларыңыздарды төмөнкү даректер аркылуу жөнөтүңүз:
barakeldeorg@gmail.com 18.05.2012
С.Наркеев, ЖаМУ Аксы колледжинин доцентиМамлекеттүүлүгүбүздүн башаты жана эгемендүүлүккө карай жол |
||||||||
|
© «Баракелде» 2010-2011 «Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган. Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн. | Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189 Тел: +996 (312) 45 66 72 Факс: +996 (312) 65 02 04 E-mail: barakeldeorg@gmail.com |