Баракелде - Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев 7-апрель окуясы боюнча өз оюн «Кыргыз Туусу» гезитинин 29-мартта чыккан санында билдирди.
Э.Каптагаевдин интервьюсу:
– Коомубуздагы өнүгүп жаткан тарыхый процесстерге илимий жактан так, терең анализ жасалган илимий эмгектер ушул кезге чейин жазыла элек. Биз бүгүнкү күнгө чейин кыргыз, орус гезиттериндеги үстүрт чагылдырылган, саясий интригаларга, күнүмдүк окуяларга толгон макалалардын деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай жатабыз.
Толук анализ болбогондугу, коомдо бирдей илимий пикир таратылбаганы үчүн мындан алты жыл мурдагы 24-марттагы элдик революцияны “уурдатып” жибердик. Ошондуктан, мурдагыдан дагы жеп-ичкич, паракор бийлик бизди басып отуруп калды. Булардын баары чоң-чоң окумуштуулар тарабынан иликтенип, таразаланып чагылдырылган жок. Биз 7-апрель окуяларына баа берүү боюнча “2” деген баа алдык. Ал эми чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары, эксперттери өз көз караштарына туура келгендей чагылдырып жатышты. Мына айталы, республикабызда элүүдөн ашык жогорку окуу жайлары бар. Ар бир университетте экиден эле социология, политология кафедраларында иштеген окумуштуулар өздөрүнүн илимий- аналитикалык иштери менен иликтеп берсе эмнеге болбосун? Алар ата-энелердин контракт акысынан маяна жеп иштеген окумуштуулар болгондуктан коомдун өнүгүшүнө кайдыгер карабашы керек. Кыргызстанда бийликтин алмашуусу тынч негизде өтүп, ал элдин жашоосуна терс таасирин тийгизбөөсүнө жетишишибиз зарыл.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (7)