Баракелде - «Ата Мекен» фракциясынан депутат Ширин Айтматова эртең, 16-апрелде «Баракелденин» уюштура турган онлайн-конференциясына келип, окурмандардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн жардамчысы аркылуу билдирди.
Ш.Айтматовага окурмандар эки күндөн бери берип жаткан суроолору көңүлүнө жакпагандыктан, ушундай чечимге келгенин жардамчысынан белгилүү болду. Ошондой эле кечээ депутат айым өзүнүн Твиттер лентасына «өзүмдүн баа жеткис бир сааттык убактымды ушундай суроолорго жооп берүүгө короткум келбейт», деген билдирүүсүн окуганга мүмкүн болду.
«Баракелде» жамааты өз кезегинде окурмандарынан кечирим сурайт жана мындан аркы уюштурула турган онлайн-конференциялардын катышуучулары менен бул сыяктуу жагдай болбойт деген ишенимде жана үмүттө.
Тема боюнча жаңылык: Депутат Ширин Айтматова «Баракелденин» онлайн-конференциясына келет


эшектин баласы коделекти канчалык таптасан да тулпарга айланбайт, атактуулардын баласын качалык котормолосон да дээринде жок болсо, омурунун аягына дейре кадересе гана адам болуп отот.Ондогон жылдар бою Ата-мекен партиясынын арыгын чаап, шайлоого келгенде эшиктин сыртында калган партия мучолорунун ыйы бекерине эмес окшойт. Себеби буга дейре эч ким тааныбаган ушуларга окшогондор алардын ордун ээлеп алып, эми уят болуп жатышат.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (20)