Баракелде - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылында Сатыбалдиев Абдыкерим эл үчүн өз каражатына төрөт үйүн куруп бүткөн экен. Ошол төрөт үйүн иштетүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербей жатыптыр, деп жазылган «Эл сөзү» гезитинин 26-апрелде чыккан санында.
Гезитте жазылгандай, дагы жакында Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн туугандарынын менчик балык өстүргөн көлүндө 5 жашта, экинчиси 11 жаштагы бир туугандар чөгүп өлүшкөн. Бул райондон жер маселеси боюнча, кадр саясаты боюнча жана башка көптөгөн далилдүү арыздар келип түшүп жатат.
«Кадам-Жай районун приватташтырып алган аким Ганиевге элдин ден соолугунун, тынччылыгынын кереги жокпу? Ушундай кылмыштуу иштердин болуп жаткандыгын ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге билдиргенибизде, «Бизге кагаз жүзүндө фактыларды көргөзүп кайрылгыла, редакция менен бирдиктөө иликтөө уюштуралы деди». Бул ишке саламаттык сактоо министри С.Жумабеков да жардам берсе эң сонун болот эле», - деп жазылган гезитте.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)