Баракелде - 1-июлдан баштап Бажы биримдигинин ишке ашышы абдан көп кыйынчылыктарды башка үйөт, деп белгиледи «Эл сөзү» гезитине берген маегинде (2-апрель, №58(58) «Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев.
Анын айтымында, кыргыз бизнесмендер Кытайдан алып чыккан товарларын алыскы коңшу өлкөлөргө жөнөтүп, Кытайдын маалыматы боюнча товар айлантуу 9 млрд, кыргыз өкмөтүнүн маалыматы 4 млрд сомду түзөт.
«Бажы биримдигине кириши менен чек ара жабылат, анда «Дордой» базары менен түштүктөгү «Кара-Суу» базарынын 70 пайызынын иши токтойт. Бул нерсе миңдеген кишилерди жакырлантып, аны менен бирге жумушсуздукту да алып келет», - деди Т.Сариев.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)