Баракелде - Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын мурдагы мэри Тургуналы Ариповго «Сизди кызматтан туура эмес алышты деп Майлуу-Суунун эли митингдерди уюштуруп жатат. Ушул митингчилердин демилгечиси ким?», деген суроону «Эл сөзү» гезити 3-майда чыккан санындагы маегинде берген.
Т.Ариповдун айтымында, митингди эч ким уюштурган жок. Эл адилетсиз чечимге каршы чыкты.
«Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов мышыктай болуп, шаарга кирип келип, жаңы мэрди отургузуп кеткен. Ошол эле 21-апрель күнү бул окуяны уккан эл чогулуп, мэрди кубалап чыгышып, мени көтөрүп алпарып отургузушту. Эл саат 17:00гө чейин кеткен жок», - деди Т.Арипов.
Ал белгилегендей, шаардын прокурорунун катышуусунда бул окуяны мыйзамсыз деп эсептеп, кечинде кабинеттин ачкычын аппарат жетекчисине берген.
«Бул окуя 22-апрель күнү кайталанды, мэрди кууп чыгышып, мен барбай койгонуман кабинетти жаап коюшкан. Мен элди колдонуп мэрлик кызматты сактап калуудан баш тарттым. 24-апрель күнү коштошуу өткөрүп, шаардан чыгып кеттим», - деп билдирет экс-мэр.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)