Баракелде - Түркияда визасыз жүрүү үчүн 30 күнгө чейин гана уруксат берилет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Кыргыз Туусу» гезитинин 17-майда чыккан санында уюштурган түз байланышта билдирген.
Анын айтымында, өкмөт башчысы А.Атамбаевдин расмий иш сапарынан кийин ал мөөнөттү чектебеген виза келишимине кол коюлган. Түркиянын ички мыйзамдары боюнча виза мөөнөтү бүтсө, 120 долларга чейин акчалай айып салынат. Учурда Түркияда 3,5 миңдин тегерегиндеги легалдуу да, легалсыз да иштеп-жашаган кыргызстандык жарандар бар. Андан тышкары, эки өлкөнүн ортосунда иш уруксатын алып салуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал жакка барган жарандар Түркиянын миграция министрлигине кайрылып, көптөгөн документтерди чогултушу зарыл. Бул абдан татаал процесс. Жылдын аягына чейин иш уруксатын алып салуу эки тараптын өкмөт башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүлгөн. Тышкы иштер министрликтердин эксперттери юридикалык жагдайларын иштеп чыгышууда.
«Мындай сүйлөшүүлөрдү Орусия Казакстан менен да жүргүзүүдөбүз», - деп белгилеген министр.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)