Баракелде - Жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү Бишкектин түндүк аймагын сазга айландырышы ыктымал. Бул тууралуу «Комсомольская правда-Кыргызстан» гезити 5-апрелде чыккан санында билдирүүдө.
КР Геология жана минералдык байлыктар мамлекеттик агенттиктин инженердик-геологиялык партиясынын башчысы Сергей Ерохиндин айтымында, борбор калаа убагында түндүк жагы толугу менен саз болгон аймакта жайгашкан, акыркы көрсөткүчтөр боюнча бир айдын ичинде 10дон 30 см чейин жер алдындагы суулар көтөрүлгөн жана андан да ары көтөрүлүшү ыктымал.
Муну алдын алуу үчүн бийлик аймактык суу соруучу түзүлүштөрдү тазалап, жашоочулар суу аймактык дрендерге тоскооолсуз өтүү үчүн өздөрүнүн арыктарын тазалаш керек, деген ойдо С.Ерохин.
Адистин ою боюнча, жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү дагы 2-3 жыл уланат.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)