
Баракелде - Көп мамлекеттерде Кыргызстандын элчиликтеринин, консулдуктарынын географиясын жайылтуу, кеңейтүү маселеси турат. Бул боюнча сунуштарыбызды өкмөткө бергенбиз. Кыргызстанда Франциянын элчилиги бар. Эми биз ал өлкөгө да өз элчилигибизди же консулдугубузду ачуу боюнча аракет көрүүдөбүз, деп билдирет Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Кыргыз Туу» гезитинин 18-майдагы санында окурмандар менен болгон түз байланышта.
«Февраль айында президентибиз Роза Отунбаева Евросоюзга, анын ичинде Францияга да барып келди. Ошол иш сапарында Франция тараптан да сунуш болду. Бүгүнкү күндө мунун үстүндө Белгиядагы элчибиз иштеп, имарат издеп жатат», - деди министр.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)