Баракелде - «Пресс.kg», 19-май, 2011-жыл.
Экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов менен болгон маек
- Кубатбек мырза, сөзүбүздү сиз кызматтан кеткенден кийинки чыр-чатактан баштасак?
- Эми муну айтып олтуруп, өзүм дагы жадап бүттүм. Бийлик баягыдай эле, “уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” болуп жаткан кези. Чындыгында, телефондук тыңшоолорго окшогон фактылардын баардыгы тең далилденген да.
- Кубатбек мырза, алдыда өтө турчу президенттик шайлоого катышасызбы?
- Эми азыр ошондой ойдо туруп атабыз.
- Кимдер жана кайсыл партиялар колдоп жатат?
- Колдой турчу партиялар, жеке инсандар көп. Алар тууралуу азырынча айтуу эрте.
- Депутаттык комиссия Бабановду сүттөн ак кылып салды. Бул комиссия биринчи вице-премьер-министрди акташ үчүн түзүлдү беле?
- Ал комиссия мени каралоо үчүн түзүлгөн. Эч нерсени изилдешкен жок. Жөн гана бийликтин түшүндүрмөлөрүн жарыялап койду.
- Дагы бир депутаттык комиссия сиз айткан чуулгандуу маселелерди изилдеп жатпады беле. Алар кандай баа берет деп турасыз?
- Ө. Абдрахманов жетектеген комиссияныны жыйынтыгы чыга элек. Айрым гана эпизоддорду айтып жатышпайбы. Аны да көрө жатаарбыз.
- Жогорку кызматта олтурган бир топ чиновниктин коррупциялык системаларын ачыкка чыгардыңыз. Азыр эми өмүрүңүзгө коркунуч келбей элеби?
- Бийлик өзгөргөнү менен, анын табияты өзгөргөн жок. Албетте, коркунуч келген учурлар бар. Туш тараптан кысым болуп атат. КТРден сөз беришкен жок дегендей. Иши кылып, баардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, мени каралашууда.
- Кызматтан кеткенден кийин коррупциялык системаларды ачыкка чыгардыңыз. Ага чейин эле жар салып чыксаңыз болмок да?
- Мен болгону, беш-алты ай гана иштедим да. Ал жердин аки-чүкүсүн түшүнгүчө эле бир топ убакыт өтөт экен. Айрым иштерди козгогондугум үчүн эле иштен алып салды. Эгер кызматка киргенден тартып, коррупциялык системаны ачыкка чыгара баштаганымда бир айга жетмек эмес экемин.
- Ошол далилденген фактылардан деги тыянак чыгарыштыбы?
- Кызыктай элебиз да. Бул дагы эмнени айтат, эмнени төгүп берээр экен деп эле кулак төшөп калдык. Европа өлкөлөрүндө ушундай айыптар чыга турган болсо, кине коюлгандарды, эчак зикилдетип туруп, айдап ийишмек. Бизде болсо, эч нерсе болбогондой баары жайма-жай олтуруп калды.
- А. Атамбаев: “Ө. Бабанов таза экен, Байболов биринчи вице-премьер-министр тууралуу айткан сөздөрү үчүн жооп бериш керек” кыязында сөз сүйлөптүр. Буга эмне дейт элеңиз?
- Ансыз деле укук коргоо органдары башка ишин таштап коюп, мени менен алек болуп жатышпайбы! Көрөбүз эми..
- “Байболов Атамбаеге каршы күчтөрдү чогултуп жатыптыр” деген маалымат чыгып кетти. Ушуну да тактап койсок?
- Эми буга окшогон такталбаган маалыматтарды кээ бир гезиттер жазып жатышат.
- Азыркы конституцияда өлкө башчысынын укуктары кыйла чектелген. Ушундай шартта президент болуп калсаңыз, эмне иштерди кыла алат элеңиз?
- Ой, эми аны айтып олтурса, кыйла кеп. Негизи чоң-чоң иштерди жасаш керек. Жаңы конституция боюнча, президенттин компетенциясына жалаң күч органдары кирет. Маселен, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу зарыл. Биз муну мурдатан эле айтып келе жатабыз. Тилекке каршы, эч бир өзгөрүү болбой жатпайбы, туурабы?
- “К. Байболов чет өлкөгө кетет экен. Кыргызстандан аябай тажаптыр” деп да чыгышты эле. Сиз буларды тажатып жибергендейсиз?
- Тынчыбызды албай кетип калса, ээн-эркин доорон сүрөт элек дешип, мени кетирүүгө абдан чоң аракеттерди, кысымдарды жасап атышат. Эч жакка кетпейм, кабатыр болушпасын.
- Азыркы учурда Жогорку Кеңештин ичиндеги оппозициядан дагы, эл ичиндеги оппозиция таасирдүү болуп турат. Сиздин пикириңиз кандай?
- Туура айтасыз, оппозиция структуралык түрдө кыйла өзгөрдү. Мурда оппозиция белгилүү топтор тарабынан түзүлсө, учурда эл өзү оппозиция болуп калды го менимче. Болгону, бир гана саясий бирдиктүү уюм жетишпей турат. Эл азыр “кайсыл күчтүн тегерегине биригебиз” деп изденүүнүн үстүндө.
- Ошол нааразы болгон тараптар сизди чакырып, биригүү сунушун берип атабы?
- Андайлар көп. Жаштар уюмдары, партиялар, коомдук уюмдар тарабынан мындай сунуштар түшкөн. “Шайлоого чыгышым керек” дегендин да жөнү бар. Анткени, бул - мага тилектеш болгондордун талабы.
- Айтмакчы, бул бийлик деле сиз айткан фактыларды унуткарып, элдин көңүлүн алаксытып жаткандай?
- Айтылган нерседен жыйынтык чыкпагандан кийин айтып да бекер экен. Жөн эле жараны мытып, тырмай бергенден пайда жок.
- Парламенттик башкаруу системасы бизге жарашачудайбы?
- Кайсыл система болбосун, аны өздөштүрп кетсе-жарашат. Кеп, башкаруунун формасында эмес - аны ишке ашырууда.
- Башка өлкөлөргө окшоп, мыйзамдуулукту канткенде орното алабыз?
- Биринчиден, улут катары калыптанышыбыз керек. Биз тилекке каршы, феодализмден социализмге өтүп кетип, комунисттердин жетеги менен далай мүчүлүштүктөргө дуушар болгонбуз. Азыр эми уруучулук күчөп атат. Качан гана “бир улутпуз” деген түшүнүккө келмейин, ушинтип жүрө беребиз го.
-Кытайда ууру кылгандардын колун кесип салышат экен. Ушул ыкманы бизге да киргизип койсо, балким, коррупционерлердин саны азаймак?
- Эми ал адамзаттын тарыхында бул көп жолу болгон. Андай жаза менен проблема чечилбейт. Мурда ашыкча акчага ээ болуп калгандар өзүн ыңгайсыз сезип, кооптонуп турушчу. Тилекке каршы, азыр алдым жуттумдар коомдун, мамлекеттин кожоюну болуп калышты. Калгандарыбыз барып этегине жыгылып, “булар чоң кызматтарды аркалоого жарайт” деп жар салып атпайбызбы. Ошол үчүн мындай көрүнүштөргө коомдун мамилеси өзгөрүүсү зарыл.
- Сиз башкы прокурор кезде “менин ишимди жаап салчы” деген чиновниктер болду беле. Мүмкүн болсо аттарын атап кетпейсизби?
- Эми, мага ачык айта алышпаса да, андайлар болгон. Бирок, мен ал командага кире алган жокмун. Ошол үчүн аягы ушундай чыр-чатак менен бүттү.
- Коалиция эмне себептен бекем болбой жатат?
- Алардын көз караштары ар башка. Ошол үчүн бекем болбой жатат.
- Бүгүнкү күндө бийликтин дагы кандай мүчүлүштүктөрүн байкай алдыңыз?
Тополоң чыгарып, бийликти айдап ийиш оңой. Бирок, мамлекетти, экономиканы тейлеш кыйла кыйын. Азыр эми “жергиликтүү бийликти жокко чыгарып, борбордон тейлейбиз” дешет. Андай кылганда, массанын мүмкүнчүлүгү пайдаланылбайт жана эч нерсе чечилбейт.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)