19 май 2012, 19:37
 
Каттоо


 
Эксперт К.Маликов: Мусулман өлкөлөрүндөгү болуп жаткан саясий оюндар Кыргызстанга да зыяны тийиши ыктымал (маек)
26 май 2011, 11:46

Баракелде - Дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликов мусулман өлкөлөрүндөгү саясий кырдаал, Американын саясаты жана Борбор Азиянын анын ичинед Кыргызстандын тиешеси жөнүндө «Пресс.kg» гезитинин 26-майдагы санында маек курду.

- Кадыр мырза, эмне себептен мусулманөлкөлөрүндө саясий кырдаал курчуп жатат?

- Алыскы жана Жакынкы Чыгыштагы саясий кырдаал курч. “Усама Бен Ладенөлдү” деген маалымат радикалдуу топтордун дагы да күчтөнүп чыгышына себеп болду. Болуп жаткан процессти тереңдеп карасак, бул жерде көптөгөн факторлор бар. Бүтүндөй радикалдык топтордун жана терраристик актылардын артында кээ бир мамлекеттердин кызыкчылыгы бар. Алар жөн гана терраристер менен күрөшүп жаткандай түс бергени менен, түпкү кызыкчылыктары башка. Учурда баардык мусулманөлкөлөрөрт ичинде экендигин көрүп турабыз. Батыш мамлекеттеринде мындай кырдаал байкалбай эле. Негизи мусулманөлкөлөрүндө нефти, газ, алтындын кору сыяктуу баалуулуктар арбын. Демек, буларды ээлеп алууга болгон күч аракеттер байкалууда. Муну менен катар энерго ресурстарды жана саясий диний абалды көзөмөлдөөгө кызыкдар экендигин баамдоого болот. Бүгүнкү күндө Тунистеги, Египеттеги, Түндүк Африкадагы, тактап айтканда Жакынкы Чыгыштагы саясий оюндар Борбордук Азияга чукулдап калды. Булар демократияны таратуу шылтоосу мененөзүлөрүнүн баалулуктарын таңуулоого түртүп жатат. Максаттарын ишке ашыруу үчүн экстремистик топторду пайдаланышууда.

- Демек, бул саясий оюндардын эпкини Борбордук Азияга да тийеби?

- Бул сокку Борбордук Азияга, улай эле Ферганаөрөөнүнө жана Кытайга урулушу мүмкүн. Америка үчүн негизги коркунуч Кытай жана Ислам.

- Анда Кыргызстандын коопсуздугу кандай болуп калат?

- Мусулманөлкөлөрүндөгү болуп жаткан саясий оюндар Кыргызстан үчүн деле жакшы жышаан эмес. Сөзсүз түрдө бизге да зыяны тийиши ыктымал. Кыргызстан эки революцияны жана түштүк жергесиндеги коогалаңды башынан кечирди. Биз экономикалык-социалдык камсыздоолордон артта калсак дагы, коңшуөлкөлөрдөн саясий процессте алдыга кеттик. Эгерде бул көрүнүштөр Казакстанда,өзбекстанда, Тажикстанда болсо аягы эмне менен бүтөөрүн эч ким айта албайт. Себеби, алар мындай окуяларга даяр эмес. Америка учурда Ферганаөрөөнүндөгү абалды начарлатуу боюнча да планын түзүүдө. Бир сөз менен айтканда Америка “демократияны жеткиребиз” шылтоосу менен эки коенду бир ок менен атып жатышат. Жалпылап айтканда бүтүндөй мусулмандарды көптөгөн сыноолор күтүп турат.

- Мусулмандар менен капырлардын ортосунда чоң кагылышуу болот деген диний ишенимдер бар эмеспи. Чыны менен эле ушундайбы?

- Жок, хадисте антихрист, Библияда Армагеддон согушу деп берилген. Армагеддон бул согуш майданы. Ал жерде антихристин армиясы менен согуш болот. Аларга каршы дин адамдарынын башында Иса пайгамбар турат деп айтылат. Ал эми исламда, хадисте дагы антихрист пайда болот. Ошол маалда кудай Иса пайгамбарды жиберет. Ал кайрадан келип, бүткүл мусулмандарды бириктирет. Анын артынан христиандар дагы ээрчийт. Ошентип, булар дагы ислам динин кабыл алышат. Бул божомол Жакынкы Чыгышта болот деп жазылган. Негизи исламда башка диндерди урматтоо да терең каралган. Себеби, исламда аларды “ахли китаб”-(жазганды билгендер) деп аташат.

- “Акыркы мезгилде исламды саясатка аралаштырып, аны улуу державаларөз кызыкчылыгына пайдаланып жатышат” деген кептер жүрүүдө. Сиз бул пикир менен макулсузбу?

-Европа мамлекеттери адам укуктары менен эркиндиктери тууралуу айткандары менен аларда ар кадам сайын адам укуктарынын бузулуп жаткандыгын көрсөк болот. Мисалы, Евангельский поп ( дин адамы) курандыөрттөгөнүнө көптөгөн жарандар күбө болуп, катуу нааразы болушту. Ал эми Исламда Библияныөрттөшкөнүн бир жолу көрдүңөр беле? Албетте, жок. Шариятта Библияга сый урмат менен мамиле кылуу керек деген мыйзам бар. Ал жакта аллахтын сөзү бар “ Эгер мусулман баласы кокусунан Библиянын жерде жатканын көрүп калса, аныөйдө алып коюга милдеттүү” деген. Христиан дининде дагы Исус адамдарды сабырдуулукка, бири-бирин урматтоого чакырат. Учурда негизги проблема

неохристиандардын ортого чыгышы эсептелет. Бул агрессивдүү, согушчан христиандар. Мындайлар исламда деле бар. Бирок булар чыныгы христиандар, мусулмандар дегенди түшүндүрбөйт да. Мисалы жанагы сиз айтып жаткан талиптер, “ислам динин булгап жатасыңар” деп Америкалыктарга кайрылып жатышпайбы. Бирок, булар чын эле ислам динине күйгөн адамдарбы? Муну кудайым эле билбесе эч ким билбейт. Жанагы Аль-Каида деген жөн эле миф болушу мүмкүн. Алардын артында таптакыр башка күчтөр турат. Дагы бир жолу кайталайын бул-геополитика. Ислам жана саясат бул бири-биринен бөлүнгөн эки нерсе. Шариятта мамлекетти куруу боюнча эрежелер толук жазылган.

- Сиздин пикириңизде Америка ислам динин жамантты кылууга жан далбастап жаткан экен да?

- Дал ошондой.

- Мусулманөлкөлөрүндөгү саясий оюндар акыры Кытайга да жетеби?

- Албетте, бул оюндар Кыйтайды да баш-аламандыкка салышы толук мүмкүн.

- Саясат менен динди аралаштырып оюн жүргүзүү акыры мамлекеттер арасындагы кагылышууларга алып келбейби?

- Мындай болушу толук мүмкүн. Бул биринчиден мамлекеттин жүргүзгөн саясатына байланыштуу. Экинчиден, ислам билиминин деңгээлине көз каранды болот. Анткени, ислам динин толук түшүнбөгөндүктөн көп нерсе башка нукка бурулуп кетүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дагы кандайдыр бир тышкы күчтүн таасири астында десек болот.

- Усама Бен Ладендинөлүмүнө ишенесизби?

- Жок ишенбейм. Чынын айтсам бул тууралуу ойлогон да эмесмин. Бул жерде элдер унутуп калган мифти Америкалыктар кайрадан көтөрүп чыгышты.

- Ушул тапта диний агымдардын саны кескинөстү. Ушул нерсе да абалдын курчушуна себепкер болуп жаткандыр?

- Сурооңуз абдан орчундуу. Анткени, абал сиз айтып жаткандай эле. Демек, мамлекет бул процесстердин башында турушу керек. Себеби, мамлекет элдин коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл. Конституция боюнча дагы бийлик алардын ишине кийлигишүүгө толук укугу бар. Тескерисинче, биздин бийлик акча чыккан ишке, тактап айтканда, ажылыкка окшогон маселелерге гана кийлигишет.өзүңүз айтмакчы, Кыргызстанда түшүнүксүз секталар оголе көбөйдү. Европада булардын көбүнө тыюу салынган. Биздикилер болсо көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен. Ошондуктан, жарандарыбыз бийлик башындагыларга, саясатчыларга ишенбейт. Жаштарыбыз болсо түрдүү себептер менен жанагы түшүнүксүз диний агымдарга кирип, алардын саясатын жүргүзүүгө көмөктөшүүдө. Андыктан, күнөөлүлөрдү чет жактан издеп кереги жок, күнөөөзүбүздө. Буга жол берген чиновниктерди жоопко тартыш керек. Мына бизде эки революция болду. Бирөө жоопко тартылдыбы? Соттунөкүмү болдубу? Бирөөсүнүн мүлкүн канфискациялаштыбы? Эч нерсе болгон жок. Анда эмнеге революция деп жатабыз? Революция болгон жок. Жөн гана декарациялардын аралашуусу болду.

- Ошол диний агымдардынөкүлдөрү саясатка аралаша баштады деген кооптонуулар бар?

- Алар эмитеден эле саясатта. Ак үй, Көк үйдө олтурат.

- Кадыр мырза, ажылыктыөкмөт колуна алып алды. Муфтияттынөзүнө эле берип койсо болбойт беле?

- Менин оюмча бул иш менен муфтият алектениш керек. Мамлекеттин муну менен алектенүүгө моралдык укугу жок. Себеби, коррупция бул тармакка тамырын кенен жайып алды. Ошол эле маалда муфтияттагы кадрларды тазалоо зарылчылыгы дагы турат. Бирок, мен мындай болооруна көзүм жетпейт. Анткени, азыр шылуундардын заманы болуп калбадыбы.

- Казакстан Америкалыктарга көмөктөшкөнү үчүн талиптер нааразы болуп, аларга кайрылуу катын жөнөтүштү. Ошол эле маалда коңшуөлкөдө жардыруулар боло баштады. Бул кырдаалдын курчуп баратканынан кабар бербейби?

- Ал эми Казакстандын ички маселеси

- Бул багытта Кыргызстан саясатты кандай жүргүзүүсү керек?

- Учурда биз абдан оор жана эки айрылыш кырдаалда турабыз. Бир бөлүгү премьер-министр аркылуу Россиянын кызыкчылыгында, бир тарабыбыз президентибиз аркылуу АКШнын кызыкчылыгында. Негизи көп тараптуулукту сактап калуу кажет. Ошентсе эң алдынкы орунга улуутук кызыкчылыкты алып чыгуу зарыл.

- Барак Обама Тунис, Египед, Йемен, Бахрейндеги демократиялык элдик көтөрүлүштөрдү мыкталап сыпаттап, бирок Сауд Аравиясы жөнүндө айткан жок го?

- Бул АКШнын эки түрдүү саясаты. Анткени, Аравия АКШга нефть ташуу боюнча бирден бирөнөктөшү болуп эсептелет.

- Жогоруда айтылган окуялардын арты кыямат кайым менен бүтөт деген сөздөр чындыкка жакындашабы?

- Бүгүнкү күндө кандайдыр бир деңгээлде саясий карталарөзгөрүп жатат. Ал согуш, сел, жер титирөөлөр менен коштолууда. Куранда кыямат кайым болоору айтылган. Бирок, анын болоор күнүн же жылын билбейт. Алдыда оор кыйынчылыктар,өзгөрүүлөр болот. Иса пайгамбар жана Махди келип, жерге тынчтык жана тартип орнотот. Бизди алтын кылым күтүп турат. Мындан соң элдер динге ишенбеген доор келет. Биз ал мезгил качан келээрин билбейбиз. Качан жерде динге ишенген адам калбай калганда кыямат башталат.

- Ислам эң таза дин деп эсептелет. Ошол эле маалда исламды тутунган мамлекеттерде жакырчылык көп болуп жатпайбы?

- Эми мунун эч кандай исламга байланышы жок, болгону адамдынөзүнө көз каранды.

- Түштүк коогалаңын иликтеген эл аралык комиссия бир тараптуу жыйыктык чыгарып, кыргыздарга көбүрөөк күнөө артыптыр. Ушул комиссиянын ишине канааттандыңызбы?

- Демек, ал комиссия Кыргызстанды толугу менен тышкы күчтөрдүн басымы астында калуусун максат кылган. Мунун баары атайын иштелип чыккан. Чыныгы күнөөлүүлөрдү таап жазалоо керек. Тилекке каршы, аткаруучулар табылган күндө деле, буйрук кылгандарды биз эч качан таппайбыз.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (2)

ghjjy 12:04:29 (27-05-2011)
мага да абдан жакты, бироо болбосо бироо ушинтип айтып чыгыш керек да. Баракелде!!! Кадыр Маликов дин иштери боюнча жакшы жана терен тушуно билгени байкалып турат. Дуйнодо Ислам динине каршы кучтордун таасири куч болуп турганы туура. Аны эч ким тана албайт. Танса Христиан жана Кадыр мырза айткандай АКШ танышы мумкун. Ал эми Хритиан Буддизм жана Ислам диндери бири-бирине тиш кайрап турган маалы окум суруудо...
kizSaikal 16:50:41 (26-05-2011)
K. Malikovdun bul beruusun un algy, syn algylardan BIR NECHE kaitalap bereip koiunuzdarchy, suranuch makala en mukty jana maaniluu................
 
19 май 2012
13:03   Т.Жаныкеев, «Ата Мекен» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү: «Демократиялык альянстын» негиздөөчүсү Р.Жээнбеков эмес
18 май 2012
13:00   Ош шаарынын казысы шариаттык жана мыйзамдык одоно каталыктары үчүн кызматынан бошотулду11:59   Т.Зулпукаров Ошто А.Сулаймановдун электоратын бөлүп-жарууга даярдалып жатканы айтылууда11:35   Ж.Сааданбеков оңой «карышкыр» эмес, - «Агым»11:26   Темир генерал Ф.Кулов чарчады, - «Агым»11:21   Банк ячейкаларынан алынган акчаларды кайра ордуна коймоюнча, коррупция менен күрөшүү кампаниясы – блеф, - Ж.Жолдошева11:13   М.Аскарбеков ЖоКедеги таасирдүү депутатка кирип, кезектеги «тапшырма» алганы айтылууда11:04   Ү.Сыдыков уулу Бакытка «Манас» аэропортунун жетекчилигин алып берүүнүн камын ойлоп атыптыр10:57   А.Келдибеков: Премьер-министр шоу көрсөткөндөн башка эч нерсе көрсөтпөдү, андай болсо пиар кылуу, мода көрсөтүү статьясын ачып коелу10:49   Ө.Бабанов премьерликке келгенден бери мамрезиденцияда жашоо «өтө шаңдуу» өтүп жатыптыр10:36   Жогорку Кеңештин делегациясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапары аяктады10:21   А.Мадумаров митинг уюштурат10:01   Башы бирикпеген жасалма оппозициянын соодасы бүттү, - «Ачык саясат»10:01   Учкунбек Ташбаев уча турган болуп калды окшойт, - «Жаңы Ордо»09:41   Ө.Суваналиев «кечээки жакшылыкты унутуп, бүгүн башкача иштеп жаткан Ө.Бабановго жол болсун» деп жатыптыр09:32   ИИМге интрига салгандар
17 май 2012
15:29   Сотторду тандоо кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Ж.Нурумбетова шайланды14:35   Кадыржан Батыров Варшавадан үн катты14:15   Н.Түлеев В.Путиндин инаугурациясына бардым деп калп айтыптыр14:00   Ө.Текебаевдин чөнтөгү жукарса эле көңүлү сууп баштайт тура, - «Асман пресс»13:25   Банк уячасынан алынган акчалар кайда сиңген?12:03   И.Пирматовго «компроматтар согушу» кайрадан жанданды11:54   А.Сулайманов менен Б.Наргозуев Түркияда барандуу фигуралар менен жолугушуптур11:33   Депутат Д.Тербишалиев популист, - «Асман пресс»10:27   Б.Талгарбеков оппозициянын көмүскөдөгү «кадрлар бөлүмүнүн жетекчилигин» аркалаган кези, - «Асманпресс»10:23   А.Мадумаров кимге нааразы?10:19   К.Бакиевдин туугандары А.Жээнбековго нааразы болду09:58   А.Мадумаров: Эл ушул жашоосуна ыраазы болсо жашай берсин, кийин бизди айтпады дебесин09:58   Депутат С.Жапаров: Аксы окуясына күнөөлүү З.Кудайбергенов КСДП фракциясынын атын сатып жатат09:38   А.Мадумаров: Ө.Бабанов азыр анча-мынча калган жерлерди менчиктештирүү, сатуу саясаты менен алек08:28   «Учур» гезити Ө.Текебаев тууралуу чыккан маалыматты төгүндөдү08:25   «Фабула» гезити менен «Ата Мекен» партиясынын лидери сотто жарашты
16 май 2012
17:30   Укук коргоочу К.Булатов: Миллион долларга чейин акы берип, кылмышкер топтор парламентке киришти16:58   К.Ташиев: Мурзалиевдин, Аблабековдун артында Бабановдун жана Отунбаеванын аты айтылып жатат15:58   Укук коргоочу К.Булатов: Кыргызстандан 5 млн доллар талап кылып келген чечендерди Рысбекке өлтүртүшкөн15:03   «Кыргызалтындын» кыңыр иши билине баштады13:23   К.Исабеков өкмөттү, Башпрокуратураны жана Каржы министрлигин сотко берди12:52   Ө.Бабанов түштөн кийин Кара-Суудагы аймактык оорукананын ачылыш аземине катышат12:48   Депутаттардын кызматтык үйлөрдү приватташтырып алууга бөгөт койгон норма иштелип жатат12:44   Депутат К.Ташиев Кыргызстандан 6 млн доллар акча чыгарылып кеткендиги тууралуу маалымат берүүнү талап кылды12:43   А.Атамбаев В.Путинди Кыргызстанга чакырды (фоторепортаж)12:25   Ө.Текебаевден И.Пирматовго сюрприз12:07   С.Жапаровдун жүзү ачылды, - «Кереге»11:56   А.Келдибеков оппозиция лидерлеринин арасынан аброю өйдө тураарын далилдейин дептир11:47   А.Мадумаров демөөрчүлөрдү издей баштаптыр, - «Кереге»10:21   Жогорку Кеңеш К.Момбековду кайра Жогорку соттун судьялык кызмат ордуна койду
15 май 2012
15:32   Б.Жетигенов: Кумарканалардан акча жасагандар кайрадан ачтырууга кызыкдар болуп жатышат15:18   «Балык депутаттардын» башы бирикти14:57   Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө талаптар күчөтүлүүдө12:45   Депутаттардын мыйзам жазганынан дагы кызматка чыкмагы азап болду, - «Фабула»
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2012
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.