Баракелде - «Пресс.kg» гезитинин 26-майдагы санында Бажы биримдигине Кыргызстандын пайдасы жана зыяны тууралуу макала жарыяланган.
Кыргыз өкмөтүнүн Бажы биримдигине кирүү тууралуу билдирүүсү коомчулукта катуу талкуу жаратты. Карапайым калктан баштап эксперттер, чиновниктерге чейин бул жөнүндө өз ой-пикирлерин билдирип жатат. Бажы биримдигине кирсек Кыргызстанды кандай келечек күтүп турат? Кичи жана орто бизнес ишкерлеринин, жалпы эле элдин жашоосу кандай өңүттө өнүгөт? өзү эле араң жан болгон экономикабызды өнүктүрүп кете алабызбы же биротоло жер менен жексен кылабызбы? деген сыяктуу суроолор учурда, бардыгыбыздын жүрөгүбүздү өйүп турган кези. Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүдөгү табуучу пайдасы жана зыяны тууралуу эксперттердин ой-пикирлерин карап көрсөк.
Пайдасы: ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер арасында бажы кызматына жалпы эрежелерди киргизүүдөн мурун салыксыз соода мамилелери болгон. Учурда болсо, Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөр импортко салык төлөөгө милдеттүү. Ошондуктан, кыргыз лидерлери Бажы биримдигине кирүү мамлекет үчүн пайдалуу деп эсептешет. Эгерде, Бажы биримдигине кирсек анда коңшу мамлекеттер ичинде бир катар жеңилдиктерге ээ болобуз.
Россия жана Казакстан менен жакын мамиледе болууга Кыргызстандын абдан орчундуу саясий жана экономикалык себептери бар. Анткени эки мамлекет тең ири инвесторлор болуп эсептелет. Мындан тышкары Москва Кыргызстанга насыят катары акча-каражат жагынан да жардамдашып келет. Эки кошунабызда тең мигранттарыбыз иштеп, үй бүлөлөрүн багышууда. 41%дан ашык соода мамилелер Бажы биримдигинин мамлекеттери менен түзүлгөн. Эгерде, биз бул уюмга кирсек анда, биримдиктеги мамлекеттерге экспортту чоңойтууга жардамы тиет.
Кыргызстандын учурдагы абалы абдан эле жүрөк оорутаарлык. Мамлекеттин бюджети начар болгондугуна байланыштуу, бул экономикалык кризистен өлкөбүз жалгыз чыгып кете албайт. Июнь окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарлары толугу менен жасалып чыгышы керек. Ал эми, Россия менен Казакстан алардын оңдолушуна башынан эле жардамдашып келген.
Кытай, Россиядан кийинки эле Кыргызстандын алып сатуу боюнча өнөктөшү болуп эсептелет. Эгерде, Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, анда, анын товарларын Казакстанга кирешелүү экспорттоо оорчулукту жаратат.
Кыргызстандын Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна киргенине 11 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар ичинде, өлкөбүз мындан өзгөчө деле пайда көргөн жок. Мунун башкы себеби, Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп Казакстан, Россия жана башка постсоветтик мамлекеттер эсептелет. Ошол себептен соода уюмунун жеңилдиктери менен колдонууга мүмкүнчүлүгүбүз деле болгон жок. Эгерде, Кыргызстан соңунда Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна кире турган Бажы биримдигиндеги мамлекеттердин катарын толуктаса, мындан толук кандуу түрдө пайда таба алат.
Бажы биримдигине кирүү үчүн сөзсүз түрдө Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунан чыгуунун кереги жок. Себеби, соода уюмунда аймактык экономикалык биримдиктерге кирүүгө тыюу салынган эмес. Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун системасы абдан эле “ийилчээк”, компромисске дагы барса болот.
Зыяны: Эксперттердин кылып жаткан божомолдору сүйүнүчтүү эмес экендигин моюнга алыш керек. Алгач тамак-аштын, кийим кеченин баасы жогорулайт. Кыргызстандагы жашоо Россия жана Казакстандын деңгээлине чейин жогорулайт. Бирок, элдин алган айлык акысы мурунку эле абалында калат. Кыргызстандыктар мурункудай Кытайдан, Турциядан алынып келинген арзан товарлар тууралуу унутуусу керек болуп калат. Жергиликтүү ишкерлердин колунан чыккан кийим кечелердин дагы баасы көтөрүлөт. Анткени, Кытайдан арзан алынып келинген кездемелер дагы мурункудай ээн эркин алынып келинбейт.
Бажы салыктарын Россиянын жана Казакстандын салыктарына теңеп көтөрүү деген, Кытай товарларын реэкспорттоо төмөндөйт дегенди түшүндүрөт. Ал эми, бүгүнкү күндө болсо, Кыргызстан постсоветтик мамлекеттерге Кытай товарларын өткөрүү боюнча бирден-бир чоң канал болуп эсептелет. Мамлекетибиздин ички рыногуна коңшубуздан келген товарлардын 10%гана калат, 83% Россияга жана Казакстанга жиберилсе, 7% (Кара-Суу рыногу аркылуу) Узбекистан менен Таджикистанга өткөрүлөт. Бирок, тилекке каршы, реэкспорт доору аяктады, учурда биздин алдыбызга дубалды коюп, аны Кытай товарларысыз ашып өтүүбүздү талап кылып жатышат. Азыркы мезгилде кытай товарларынын айлампасы жалгыз гана контрабанданын негизинде кармалып турат. Эгерде, аларды Россия жана Казакстан көзөмөлгө ала баштаса, анда, кырдаал абдан курчуйт. Бул Борбордук Азия боюнча аты чыккан “Дордой” базарынын жабылуусуна алып келет. Ошол мезгилде соодагерлердин бүтүндөй армиясы гана жан сактоого эч кандай каражаты жок калбастан, тачка сүйрөгөндөр, эл ташыгандар, кафе кызматкерлери жана да бардыгынын үй бүлөлөрү көчөдө калышат. “Дордой өлөт”. мамлекетибиз өзү байкабастан эле коңшу өлкөнүн 10 ири инвесторуна айланып калды.
Эгерде, өлкө башчылары соода тармагын башынан көзөмөлдөп, тууралап келсе, мындай кырдаал түзүлмөк эмес. Макроэкономиканын мыйзамына ылайык, соода иштери менен жумушка жарактуу калктын 10% гана алектениши керек. Бизде болсо, патенттерди эле эсептесек, киши саны 220 миңге чыгат. Кризис көптөн бери эле болуп келген, бирок, чек аралардын жабылышы менен чет жерлерден алып, кайра башкасына саткан 50 миң адамдын жумушу да токтоду. Ушуну менен кризис да курчуду.
Эксперттердин айтуусу боюнча учурда мамлекетибиздеги эң белгилүү автоунаалар – 5000$дан 8000$га чейинки машиналар. Эгерде бажы биримдигине өтсөк, бажы салыктарын көбөйткөндөн кийин, алардын баасы 20 000$га чейин өсөт.
Кыргызстанга медикаменттердин негизги бөлүгү Индиядан, Пакистандан, Болгариядан жана Польшадан келет. Россиядан, Казакстандан жана Белорусиядан келген медикаменттер жалпы айлампанын 25% гана түзөт. Бул биримдикке кирүүдө дары-дармектин баасы дагы көтөрүлөөрү беш колдой белгилүү.
Бардыгыбыз билгендей, Кыргызстан 1998-жылы эле Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Эгерде, ал 153 мамлекеттин ичинен 50дөн ашуун өлкө менен кол койгон келишимдерин бузуу менен, ал биримдиктен чыкса компенсация иретинде аталган мамлекеттерге 1,5 млрд. доллардын тегерегинде акча төлөп берүүгө милдеттүү болот. Бул эмнени түшүндүрөт, бул Кыргызстандын казынасы 1,5 млрд. долларга азаят дегенди түшүндүрөт. Казынабыз азайгандан мурда, ошончо суммадагы акчабыз барбы? Кокусунан, кандайдыр бир коңшубуз ал акчаны биз үчүн төлөп берүүгө макул болгон күнү дагы, бул келечектеги тышкы карыздарыбыздын көлөмүн көбөйтөт. Ажал жана чычкан кармагычтагы сыр эле бекер болот дегендей, учурда бирөө үчүн бирөө бекер эч нерсе жасап бербейт. Демек, мунун саясий максаты да бар. Биз Бажы биримдигине керекпизби же, ал Кыргызстанга керекпи? Жакшылап байкаштырсак биз аларга саясий кызыкчылык жаратып жаткандайбыз. Биз Бажы биримдигине кирсек гана Таджикистан биз аркылуу дагы ал уюмга кире алат. Мындан сырткары Бажы биримдигине киргенибизде бизди толугу менен Россиянын бажы саясаты көзөмөлдөп калмакчы. Кандай болгон күндө да кабыл алынган чечим экономика тармагын көтөрмөлөөгө жардамы тийиши керек. Коомдогу айтылып жаткан бүтүндөй ой-пикирлер угулууга жана талкууланууга тийиш. Так жана ачык-айкын түрдө экономикалык анализ жүргүзүлүп, бардык боло турчу коркунучтар дагы, ийгиликтер дагы ачык айтылышы керек. Эгерде, Бажы биримдигине кире турган болсок анда Кытайдан арзан товар ташып саткан соодагерлердин, алган айлык акысы, пенсиясы эптеп “өлбө жаным, өлбө” деп күнүмдүк тамактан чыкпаган карапайым калктын жашоосу кандай болот? деген суроолорго толугу менен жооп тапкан мезгилибизде гана жалпы элдин колдоосу менен чечим кабыл алышыбыз керек.





















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (5)