
Баракелде - Кыргызстандын жаштар иши боюнча министри Алиясбек Алымкулов бүгүн, 13-июлда, «Баракелденин» он-лайн түрүндөгү конференциясына катышып, окурмандардын суроолоруна жооп берди.
Конференция саат 13:55те башталып, туура 16:00дө аяктады. Жалпысынан 27 суроо берилип, анын 22 суроосуна жооп кайтарылды. Ал эми калган суроолор министрдин убактысы чектелип калгандыгына байланыштуу жооп берилбей калды. «Жоопсуз калган окурмандардан кечирим сурайм. Олуттуу иштер чыгып калгандыгына байланыштуу улам-улам телефон чалуулар болуп жатат. Ошондуктан кетүүгө туура келди. Дагы мүмкүнчүлүк болуп калса, жооп берээрмин», - деди А.Алымкулов.
Белгилей кетсек, онлайн-конференция бүткөндөн кийин, видео маек алууну пландаган элек, ал эми министр бүгүн ага мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, башка күнү уюштурууга убадасын берди. Андыктан жоопсуз калган окурмандар үмүтүн үзбөйт деген ишеничтебиз, анткени жакынкы күндөрү берилген суроолоруна жооп алууга шарт түзүлөрүн белгилей кетели.
А.Алымкулов берилген суроолордун көпчүлүгү олуттуу жана оригиналдуу болгондугун айтып, кээ бир суроолор өтүп кеткен оор күндөрдү кайрадан эске салгандыгын билдирди. «Жалпылап айтканда, бардык эле суроолор мага жакты. Анчалык деле тажатма, кайталанма суроолор өтө деле болгон жок», - деди ал.
Кошумчалай кетсек, конференция аяктаган соң эң кызыктуу деп табылган суроонун ээсине министр 2 белегин, тактап айтканда «Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы» жана «Айкөл Манас» деген өздүк китепканасынан алып келген китептерди берди. Бул белектер эң кызыктуу суроолорду берген Sash07 жана didar деген окурмандарга ыйгарыла турган болду. Андыктан, белектин ээлери редакцияга келип алып кетсеңиздер болот.
Фото: Баракелде


!!!
!!! Ek00 belgisiz marshruttan tyshyp kalip, sen jalgiz ele kalipsin.
... dep bashtasag !!!
















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (61)