Баракелде - Кыргызстанда президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери 2011-жылдын 25-сентябрында башталат. Мындай маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бекиткен шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планында каралган.
Үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан тартып башталат. Мында президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо мурда шайлоо күнүнө 75 күн калганда токтотулса, эми 35 календарлык күн калганда аяктайт. Натыйжада каттоо мөөнөтү 25-сентябрда бүтөт.
Белгилүү болгондой, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт. Тагыраак айтканда үгүт иштери 29-октябрга чейин уланат.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)