
Баракелде - 13:15.Сузак районундагы митинг аяктап К.Бакиев бир туугандарынын жана күзөтчүлөрүнүн коштоосунда атасынын айылдагы үйүнө барып түштү. Ошондой эле Бакиев элди эртең Жалал-Абатта боло турган митингге чакырды.
12:45. «Азаттык» билдиргендей, Сузак районунда өтүп жаткан митингде К.Бакиев БУУдан эл аралык комиссия келип 6-7-апрелдеги окуялар боюнча баа берерин, оппозиция күч менен бийликти басып алганын билдирди.
Сөзүнүн аягында К.Бакиев 7-апрелде Бишкекте аянттагы элди биринчилерден болуп оппозиция өздөрү атканын, президенттин бөлмөсүнүн терезесине эки жолу ок атылгандан кийин снайперлерди ак үйдүн чатырына чыгарууга мажбур болушканын айтты. “Оппозиция президентке күнөөнүн баарын тагууга аракет кылышууда. Мен элди атууга буйрук берген жокмун”,- деди К.Бакиев.
Сузак районунун Ырыс айылында Курманбек Бакиевдин катышуусу менен митинг уланууда. Бул туралуу CA-NEWS агенттиги билдирүүдө.
Ырыс айылына болгон жол үч жерден жабылып, ал жерге Бакиевдин да, Убактылуу өкмөттүн да жактоочуларын киргизбей жатышат.
Митингде Бакиевдин инилери Жаныш, Адыл, Акмат, Каныбек катышууда. Уулдары байкалган жок.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)