Баракелде - Кыргызстандан Орусияга барып, жумушка орношо албай, акча жок, депрессияга түшүп, өз жанын кыйгандар бар, деп билдирди «Ала-Тоо-Новосибирск» кыргыз улуттук-маданий борборунун башчысы Ороз Бөлтүрүков «Де-факто» гезитинин 28-июлда чыккан санына берген маегинде.
Ал белгилегендей, Орусия Кыргызстанга караганда кышкысын суук жана узак келет. Ал эми кыргыз жарандар ден соолугуна карабай кара жанын карч уруп иштеп жүрө беришет. «Буттарына суук тийгизип алышат. Эми булар го иштеп жүргөндөр. Арак ичип тоңуп өлгөндөр канча? Айласын таппай бомж болуп кеткендерди айтпай эле коёлу», - деп айтты О.Бөлтүрүков.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)