Баракелде - Кыргызстандын 20 жылдык эгемендүүлүгүнө карата сыйлыктарды берүү боюнча Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Кыргызстандын президентине караштуу комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиева «Кыргыз Туу» гезитинин 16-августтагы санында маек курду.
- Ушул тапта миңге чукул адамдын документи келип түштү. Алардын ичинен мыйзамга ылайык даярдап келгендери алты жүздүн тегерегинде болду. Мынчанын ичинен татыктуусун тандаш комиссияга абдан кыйын болууда. Себеби, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери өлкөбүздүн мамлекет катары калыптанышына, социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, жарандык коомдун түптөлүшүнө салым кошкон адамдар эмес, көбү азыр иштеп жаткандар, өздөрүнүн кесиптик майрамына карата деле сыйлык ала турган адамдар көрсөтүлгөн. Бул жакшы көрүнүш эмес. Көз карандысыздыгыбыздын 20 жылдыгында татыктуулардын татыктууларына, ушул адамдын эмгеги болбосо Кыргызстан мынчалык деңгээлге жетпейт болчу деп, анын мамлекет, эл алдында кошкон салымын баалашыбыз керек да. Тилекке каршы, ошондой адамдар көмүскөдө калгандай таасир болуп жатат. Жалаң азыр иштеп жаткандар бирин-бири түртүп, бирин-бири сүйрөп келүүдө. Кээ бир райондук мамлекеттик администрациялардан кеңешчисинен баштап, кароолчусуна чейин көрсөтүштү. Эгерде мамлекеттик сыйлыктарга ушундай көз караш менен мамиле кылсак, кайда барабыз? Демек, бул мамлекеттин жараны катары ар бир маселеге мамлекеттик деңгээлде мамиле жасоону, мамлекеттин тагдырын чечкен жана мындан ары кызмат кыла турган адамдарды тандоого үйрөнө электигибизди, андай жоопкерчиликти сезбешибизди айгинелеп турат. Анан эми сыйлоо болгондон кийин сындын нөшөрү башталат. А кезегинде жоопкерчилик менен талдап, салмактап сунуш айткандар жокко эсе.
Чындыкты кашкайта бетке айткан улуу инсан Салижан Жигитов “Багы жок элдин баатыры көп”дечү эле. Анын сыңарындай эгемендиктин 20 жылдыгында баатыр болом дегендердин саны эле 20 болду. 20 баатыр чыга тургандай Кыргызстанда кайсыл жагынан өнүгүү болду? Ошол жыйырма адамдын орошон эмгеги болсо, калайык-калк билеби же өздөрү эле билеби? Сыйлыкка көрсөтүлөрдөн мурун ал өзүнө кайсыл жагынан өзгөчө эмгек сиңирдим, республикабыздын өнүгүшүнө кандай бараандуу салым коштум деп суроо бериши керек да. Кээде сыйлык алам деп догурунуп келгендерге “Сиз кайсы эмгегиңиз үчүн сыйлык алам деп жатасыз?”– деп суроо берем. “Көп жыл иштедим”, – дешет. Көп жыл иштеген сыйлыкка татуунун биринчи критерийи эмес, мыйзамда “өзгөчө эмгек сиңиргени үчүн” деп жазылып турат” десем. “Эл катары иштеп атабыз, бергиле” дешет. Сыйлык эл катары эмес, өзгөчө ак ниети, опол тоодой сиңирген эмгеги, өлкөнүн тигил же бул тармагынын өнүгүшүнө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн ыйгаруу керек деп уюштурулган да! Сыйлыкка татый турган эмгеги жок деп колдонбой калса болду “силер сатасыңар, өң-тааныштарга бересиңер” деп сындашат.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)