Баракелде - «Ар-Намыс» партиясынан чык» деп кат жүзүндө мага эч ким айткан жок. Эгерде бизди партиядан чыгаруу чечимин Кулов кабыл алса, мен, Артыков ж.б. 10 депутат Феликс Шаршенбаевичти сотко беребиз, деп билдирет ЖК депутаты Токон Мамытов ««Асман пресс» гезитинин 18-августтагы санында.
«Эгерде биздин жүргүзгөн саясатыбызды жактырбай, күнөөлөп атса тактап айтып берсин. Биз эмне кылып мыйзамды буздук, уурулук кылып, курал көтөрүп, киши өлтүрүппүзбү?! Эгерде далилдеп бере албаса сотко берип, сот аркылуу чечебиз. Онубуз бирден-бирден райондук соттон баштап, жогорку сотко берип жүдөтөбүз. Муну жашырбайм. Жөндөн-жөн эле «мен айтканга макул болбой, мен ойногон музыкага бийлебей, менин оюмду улабай койду» дей берсе, бул эмне өзү «генеральный- секретарь» же коммунисттик партиябы?», - дейт Т.Мамытов.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)