23 февраль 2012, 00:43
 
Каттоо


 
Губернатор Азиз Турсунбаев окурмандардын суроолоруна жооп берди
12 сентябрь 2011, 12:18

Баракелде - Жакында Жалал-Абад облусуна губернатор болуп дайындалган Азиз Турсунбаев «Баракелденин» онлайн түрүндөгү конференциясына катышып, окурмандардын суроолоруна жооп берди.

Онлайн-конференция эки саатка жакын уланды, 30дан ашуун суроолор берилди. 

губернатор 2 

губернатор 3

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (77)

Mart 18:28:51 (11-10-2011)
Бардык онорлордун торосу деп кайсы онорду айтабыз? Тируулуктогу сыймыктуу, бирок кыйын нерсе эмне?
Mederbayke 16:27:45 (21-09-2011)
sheker 17:01:43 (13-09-2011)
Суроо: Салам алейкум Азиз мырза сизди Р.Отунбаева Бакиевчил деп жек корот дейт ушул чынбы. Эгер чын болсо жооп бериниз.
Davan 21:15:39 (12-09-2011)
менин суроомо жооп бербепсиз эмнеге менин суроом алдыдагы шайлоодо кудай ак административдик ресурс колдонулбайт деп соз бере аласызбы ушунчалык оорбу жооп бериш
boxa 19:08:49 (12-09-2011)
Азиз Атакозуевич ! Суроолорго жакшы жооп берипсиз.
Рахмат ! Ишинизге ийгилик!
tarzan 18:04:21 (12-09-2011)
Абдан кызыктуу суроолор берилиптир.Жооптору дагы татыктуу экен.Жакпагандарга айтат элем, озунордун колунардан келбесе ,унчукпай(кысып)журуш керек.
Kesh 16:16:21 (12-09-2011)
Bee dese too degen kishi ekensiz.
aruuke 14:50:43 (12-09-2011)
рахмат,жообунузга,ишинизге чон-чон ийгиликтерди каалайм.
Salia 12:31:30 (12-09-2011)
Муну минтип жиберем, тигини иштен алып, башкасын коем деп чамынбаган, жетекчи катары таразалап жообун берген инсан экенсиз, жооптор мени орусча айтканда "шокировала". Сиз кучтуу дипломат боло аласыз,аймакыланбай, кыргызстандын кызыкчылыгын сылык кана беса белгилеп коздогонуно жете ала турган жетекчисиз. Сиз жетекчи катары толук жетилипсиз деген баабердим. Суроо берген эмесмин, бирок берилген суроолорго жообунуз чон областы башкарып турган адамга ылайык. Ал эми ичи куйгондор сары майга жетпей, сасык деген мышыктай. Сизге ийгилик, каалайм, мен жана менин жакын досторум..
zamir 12:07:38 (12-09-2011)
Сиздин берген жоопторунуздан улам ото митайым, чечкинсиз, жогорудан уруксат бермейинче оз алдынча жумуш жасай албаган, "Мауглидеги" чоо борунун мунозуно окшоштурдум. Сизге берген суроомду кайтарып алдым. Экинчи суроо бербеймин деп убада беремин. Чындыгында Сизге багытталган бардык суроолорго "жалко"
Patila 11:59:01 (12-09-2011)
Сизге берген суроолорго жалко...
Tillavai 11:56:10 (12-09-2011)
Берген суроолорго кылдаттык менен жооп берипсиз. Ал эми ойду омкором, тоону томкором деген озз коптурмо опколордон эмес, оор басырыктуу, ар бир созун байкап суйлогон инсан катары бааласа болот. Азматсыз, жумушту жасалгандан кийин айтуу корк берет, алдын ала эле ооз коптурбой, токтоо муноз экенсиз
Mederbayke 11:49:36 (12-09-2011)
Сиздин жооптордун 90%ы элди канааттандырбайт экен. Сиз чыныгы жигиттик касиеттен да сасытма саясатчылардын кулк мүңөзүн мыкты өздөштүрүпсүз... Аман эле болуң, аа:-
Patila 11:45:05 (12-09-2011)
Огузду олтурбой, арабаны сындырбай, ото кылдаттык менен жооп берет экенсиз. Сиздин устуртон берген жоопторунузга канаатанбадым. Эркекче жооп бере албайт экенсиз. Бар болунуз.
Admin 11:05:55 (12-09-2011)
Суроо
Tileke: Азиз мырза, Акыркы убактарда ММКдан К.Батыровдун айланасындагы, тагырак айтканда анын мулктору жана алардын озбек темир жолуна откоруу туурасындагы маалыматтарды окудунуз болуш керек. Бакиевдин мулктору улутташтырылып жатса, сепаратизм менен куноолонгон Батыродун мулкторун (жалал-абаддын жарымы...)эмне учун антууго болбойт деген суроо элди кыйнап жатат. Облус жетекчиси катары бул нерсеге таасир эте аласызбы? Бул боюнча оюн билдирген бир чиновникти уккан жокбуз. Чечкиндуу кадамдарга бара аласызбы? Сиздин Кыргыз элине жасаган ак кызматыныз сизге чон абой алып келмек. Чон рахмат.
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Ар бир маселе мыйзам чегинде каралуусу керек. Сиздин сунушуңуз көңүлдө болот.
Admin 11:04:17 (12-09-2011)
Суроо
Kesh: Salam aleikum Aziz myrza. Tunduk tushtuk degenderge kandai karaisyz? Tashiev jana Madumarovgo bolgon koz karashynyz je syn pikiriniz?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Кыргызстан өлкөсүнүн кызыкчылыгы мен үчүн баарынан кымбат.
Admin 11:02:49 (12-09-2011)
Суроо
Mederbayke: Деген менен, Азизбек Атакозуевич эркексиз. Сиздей жигиттер Кыргызстанда өтө аз. Бирок, бир кемчилигиңиз бар. Ал - өтө ишенчексиз. Анан да өткөн күндү бат унутасыз. Кечээ эле сизди саткан адамдар менен кайрадан дос болуп, ал эми эң оор учурда жаныңыздан жылбай, моралдык колдоо көрсөткөн адамдарды карабай кетесиз
Жооп
Азизбек Турсунбаев: «Жаманды унутуп, жакшыны эсте» деген эл сөзү мага дайым дем күч берип, көңүлүмдө, эсимде.
Admin 11:00:24 (12-09-2011)
Суроо
Mederbayke: Салам алейкум, Азизбек мырза. Сизге төмөндөгүдөй суроолорум бар: 1. 7-апрель окуясынан кандай сабак алдыңыз? Эгер оң сабак алган болсоңуз, анда кимдин ким экенин билген чыгарсыз. Андай болсо, мурдагы жана азыркы санаалаштарыңыздын кимиси саткын, кимиси сиз үчүн чындап күйгөнүн ачык айта аласызбы? 2. Сизди "Учур" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев менен өтө ынак дос дешет. Андан бөлөк журналисттер менен дагы мамиле курасызбы? Болсо, алардын аттарын атасаңыз. 3. Сизди экс-президент Курманбек Бакиев менен өтө ысык мамиледе жүргөнүңүздү билебиз. Азыр ал кишинин ал-акыбалын сурап турасызбы? 4. "Республика" партиясынын депутаты Исхак Пирматов сиздин кадр. Ал "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеген кезинде миллиондогон долларларды жегени тийиштүү органдар тарабынан тастыкталганы айтылууда. Анда Исхак үкаңыз менен да кошо жешкен турбайсызбы? Ачык айтсаңыз, мамлекет казынасына кол салдыңыз беле? 5. Сиз өмүрүңүздө жакын тууган, адамдарыңызды капаланткан учур болду беле? Алдын ала рахмат айтам. Ишиңизге ийгилик
Жооп
Азизбек Турсунбаев: 1). 7 – апрель бүт Кыргызстандыктар үчүн чоң сабак, адам баласы үчүн өз абийр сотунан ачуу эч нерсе жок. 2)Адамдар менен сый мамиледе болуу адамдык парз. 3)Кызмат абалыма тийштүү Курманбек Бакиев менен иштешкенмин. Учурда кызматтык же башка байланыштыгым жок. 4).Ар ким өзү үчүн жооп берет. Эгер мамлекеттик мүлккө кыянаттык кылса тиешелүү органдар тарабынан иликтенип чара көрүлүүсү керек. 5)Бирөөнүн көңүлүн атайлап оорутуу касиетим жок.
Abdirasul 10:59:37 (12-09-2011)
Азиз мырза, сизден эл коп нерсени, жакшы ийгиликтерди чын ниети менен кутуп жатканын жер-жерлердеги жолугушуудан байкап жатасыз.Ошондуктан ишинизге ийгилик болсун, жигит пири колдосун, сиз аракеттенсениз колунуздан келет. Эл ушуну кутуп жатат!
Admin 10:57:46 (12-09-2011)
Суроо
kaiyl:Сизди биринчи жамандап кирген кишиге тез ишенет,бардык маселени жардамчысы Токтомушпу, толомушпу, айтор ошол кишинин акылы менен чечет дешет, озунуздун туюмунуз менен эле кадам жасаганыныз жакшы болмок.Сизди ушул кызматта коп жыл иштешинизди каалайм, ато жыл сайын губернаторлор алмаша берип, кимдер иштеп кеткенин эл деле эстей албай калды, же жасаган иштери белгисиз.
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Каалоо, тилектериңизге ырахмат! Сиз белгилеген жардамчым Төлөмүш мырза расмий иш кагаздардын мыйзамга ылайык келиши боюнча иш алып барат, бирок чечимдерди өзүм кабыл алам.
Admin 10:55:11 (12-09-2011)
Суроо
Kaiyl: Эмне учун "Ак жол" партиясынын мучолору озунор эле тарап кеттинер? Же силерди бироо тараттыбы?"Республика" партиясын кандай себептер менен тандадыныз. Бирок, бир Бакиев качса баардыгынар чилдей тарап кеткенинер кызык болду.Ошол кезде жалгыз легитимдуу бийлик силер болчусунар.Убактылуу окмот силерге унчуккан эмес эле го?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Элди удургутпай, элдин тынчтыгын, биримдигин көздөп, жеке амбицияга берилген эмеспиз.
Admin 10:53:33 (12-09-2011)
Суроо
Aruuke: Ала-Букадагы суу сактагычты озбектерге арандага берип жиберишкен,ошонун мооноту бутот деп жатышты эле,ошол маселе кандай болуп чечилгенин билсек болобу?
Жооп

Азизбек Турсунбаев: Комиссия бул маселенин үстүндө иштеп жатат, чечимге ылайык иш жүргүзүлөт.
Admin 10:51:04 (12-09-2011)
Суроо
Tileke: Азизбек Атакозуевич! Сизди озунун позициясы бар жаран катары билебиз. Кадр маселеси боюнча кандай иштерди алып барасыз? Бироолор берген компроматтарга, ушактарга берилбейсизби? Себеби жогорудагы суроолордо далилсиз эле сиздин аппаратынызды каралап жатышат. Эмил Исакулович, мага эч ким эмес, бирок аны чыныгы жетекчи деп билем, айрым адамдарга караганда жакшына эле жумуш жасап жатканын коруп эле жатабыз. Ищинизге ийгилик!
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Каалооңузга ырахмат! Иштешип, баа берүүгө мезгил келет.
Admin 10:48:26 (12-09-2011)
Суроо
janna: Азизбек Атакозуевич, пресс-катчылыкка откон жылдагы апрель окуяларында К.Бакиевдин создорун ЖТР аркылуу токпой-чачпай берип турган Бакыткан Ажымаматова деген аялды экинчи жолу тандап жатышат. Бул аялдын шайлоо алдында пресс-катчылкка алып келууго кандай кызыкчылык болуп жатат? Эмнеге Президенттин пресс-катчысы кесиби боюнча журналист болбосо да иштейт да, Жалал-Абад облустук бийликтин конкурстук комиссиясы эле башка кесиптен иштегенге болбойт?- деген шылтоо менен элди озунун туура эмес иш аракети менен кыйнаган адамды алып келуу аракети журуп жатат. Мамлекеттик кадр кызматынын облуста отурган кызматкерлери откондо Б.Ажымаматова 20 упай алып сынактан отпой калган адамды кайра эмнеге сынакка катыштырып жатат десе,Б.Ажымаматова озунун жакын подружкаларын ортого салып, даяр тесттин материалдарын акчага сатып алып, эми откорбой коргуло, алчунарды алдынар, абийиринерди айрандай тогом"-деп коркутуп жатыптыр. Ушундай сынактын кимге кереги бар, ортодо акча жеген мамлекеттик кадр кызматын туп-тамырынан жоюп салуу керек. Ошондо гана жондомдуу адамдарга жол ачылат. Сиз буга кандай карайсыз? Ажымаматова отуп калып, пресс-катчы болсо, Сиздин кадыр-баркынызга доо кетпейби? Себеби ал аял Бакиев заманы менен жашап, ошол идея менен сугарылган, К.Бакиевден башканы Президент катары эсептей албайт!!!
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Кадр тандоо маселеси боюнча атайын кызмат бөлүмү иштейт. Адистерди коюлган шарттар жана тестирлөө аркылуу тандоо жүргүзүү кадр тандоо бөлүмүнө жүктөлгөн.
Admin 10:46:16 (12-09-2011)
Суроо
Esenbay: salamtyzby, Kudaiga iwenesizbi jana kudaidan korkosuzbu?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Момун мусулман катары Кудайга ишенемин
Admin 10:44:52 (12-09-2011)
Суроо
Guli: Саламатсызбы Азиз байке! Сизди жаны жумуш ордунуз менен куттуктаймын, коздуу мончок жерде жатпайт дегенинде чындак бар экен. Ишинизге ийгилик! Суроом, Сиздин жанынызда жургон Тулян деген жардамчыныз Сиздин 7-апрелден кийин ар кандай создор менен жамандап, убактылуу Окмоттон колдоо издегени жонундо кабарыныз барбы? Ошол жардамчыныз Сиз вице-спикер кезинизде Сиздин атыныздан коп озунун иштерин бутуруп алганын билебиз, анан 7синен кийин Сизди ата-мекенчилерге жамандаганында уккан жайыбыз бар. Ошол адам азыр Сиз менен Жалал-Абадда иштешип атыптыр дегенин уктук, ал киши Сизге кыяннаттык кылып кетпейт деп ойлойсузбу? Рахмат Бишкектен Гули

Жооп
Азизбек Турсунбаев: Берген кеңештериңизге ырахмат, эсте болот. Ар кимдин өз абийири өзүнө сот!
Admin 10:42:36 (12-09-2011)
Суроо
aruuke: Азиз Атакозиевич,ишинизге албан-албан ийгиликтерди каалайм!
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Чоң ырахмат!
Admin 10:41:16 (12-09-2011)
Суроо
Tolubai: Азиз Атакозиевич Сиздин аппарат жетекчиниз Жалал-Абад областынын комуско губернатору болуп калган дейт ушул чынбы. Анткени ал киши киришпеген бир да жумуш жок дейт ал эми замдарыныз болсо аш тойлор менен гана кун откоруп журот дешет?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Кыска убакытта эле ал жакшы, бул жаман деп ажыратып коюу кыйын. Кызматкерлерге аткарган жумушуна карата мезгили келгенде баа берилет.
Admin 10:39:28 (12-09-2011)
Суроо
Marc: Азиз Атокозуевич саясий,экономикалык оор мезгилде келдиниз,кудай колдоп ишиниз элдин купулуна толсун.Аппарат башчыныз Эмил Исакулович жонундо жазышыптыр,биз чыдамсыздык менен сизге ал кишинин коомдогу тазалыгы,интелектуалдык денгээлинин жогорулугу,оз ишиндеги чеберчилиги,иш устундогу, эл алдында чон жоопкерчиликтуу жетекчи катары билээрибизди айталы дедик.Коп системада иштеген тажрыйбалуу жетекчи катары бул жигитке тескери баа берип,жаманатты кылып жазгандар, бул облус элинин чыккынчысы деп эсептейбиз.Эл-чарбасын которууго бул жетекчиде потенциал абдан чон.Элди башкарууда-кучтуу бийлик керек.Тартип болуусун калаайбыз.
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Жакшы иштер эч качан жерде калбайт, татыктуулар убагы келгенде бааланат.
Admin 10:37:55 (12-09-2011)
Суроо
Jasmin: Президенттик шайлоодо кимдин талапкерлигин колдойсуз жана чыр-чатактардын чыгып кетпоосу учун губернатор катары кандай иш-чараларды жургузосуз?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Област жетекчиси катары келе жаткан шайлоону калыс жана таза өтүүсүнө шарт түзүү - менин милдетим. Эл каалаганын өзү тандап алат. Жаран катары бир гана добушка ээ болгондуктан, сөзсүз ал укугумдан пайдаланам.
Admin 10:36:02 (12-09-2011)
Суроо
Anar: Жалал-Абадды Ата-Мекенчилер бийлейт деп айтышат, ушул чынбы?Бардык жетекчилер ушул партиядан экен го. Аралаштырбайсызбы?"Ата-Мекендин" авторитети азыр айрандай тогулуп турган кезде,аларды тазалабасаныз,озунузго муш болбосун.Негизи безпартийныйларды эле иштеткениниз он го.
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Адамдын кайсыл партияда экени зарыл эмес, өз ишин туура жана так алып барганы зарыл. Ошондуктан ишин туура, так алып барган кызматкерлерди колдойм жана колдоп келгенмин.
Admin 10:34:05 (12-09-2011)
Суроо
Ruslan: Урматтуу Азизбек Атакозуевич, "Кыргызнефтегаз" боюнча эмне иштерди жургузуп жатасынар. Коллектив тышкы башкаруучунун ишине абдан нааразы. Эки тарапка тен тиешеси жок адамды тышкы башкаруучу кылып койсо болбойбу? Качанга чейин эле ишкананы ата-мекенчилер талап-тоной берет?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: «Кыргызнефтегаздын» кызматкерлери өкмөт менен бирдикте чоң жыйындарды, талкууларды өткөрүп талаш-тартыш маселеси бир тараптуу чечилгенге чейин убактылуу сырттан башкаруу дайындаган. Жүргүзүп жаткан иштери көзөмөлгө алынат.
Admin 10:31:42 (12-09-2011)
Суроо
Jasmin: Cаламатсызбы? Сизди Курсан Асанов менен тирешип жатат деп айтып журушот. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгерден чын болсо эмне учун?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Курсан Асанович менен талашыбыз жок, мамилем түз.
Admin 10:30:10 (12-09-2011)
Суроо
Tolubai: Урматтуу Азизбек Атакозиевич! Озунуз билгендей бугунку кундо аким, мэрлерди шайлоо жергиликтуу кенештин депутаттарынын колунда болуп калды. Кандай ойлойсуз ошол депутаттар татыктуу кишини шайлап беришеби же баягы эле конумуш адат тууганчылык, уруучулук, акчанын кучу менен шайлашабы,эгер андай болсо алар менен кантип иштешесиз?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Жергиликтүү калк ишеним көрсөткөн депутаттар аркылуу тандалган жетекчилер аткарган иштери аркылуу бааланат.
Admin 10:26:19 (12-09-2011)
Суроо
DOMB: Саламатсызбы,Азиз Атакозиевич бизди кызыктарган суроолордун бири Токтогул районунун Уч-Терек оорону тараптан Базар-Коргон районунун бир айылы менен бириктире турган жолду ондоп ишке киришет-деп жатышат эле.Ошол боюнча маалыматты тактап берип койсонуз жакшы болот эле.
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Бул багытта 2001-жылдан бери каралып Кызыл-Үңкүр айылынан Саргата айылына чейин автоунаа жолу курулса, трассанын узундугу 90км аралыкка кыскарылмак, болжолдуу смета 2 млрд. сом. 7 миң гектарга чейинки кайракы жер сугат жерге айланмак. Жолду сала турган Казак-Кыргыз биргелешкен коому жолдун боюна инфраструктураны кошо куруу боюнча сунуш түшкөн. Биз ал долбоорду өкмөткө сунуштап, жообун күтүүдөбүз.
Admin 10:22:58 (12-09-2011)
Суроо
m.b.:Ала-Бука, Чаткал райондорундагы алтын казып жаткан чет элдик ишканалардан ошол райондордун жергиликтуу бюджеттерине канча каражат тушот. Бул ишканалардын элге пайдасынан зыяны коп экендиги айтылууда. Бул маселе боюнча сиздин оюнуз.
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Менин да тынчымды алган ушул сыяктуу суроолор көп. Бул багытта комплекстүү иш алып баруу максатым бар.
Admin 10:20:52 (12-09-2011)
Суроо
Boxa:Саламатсызбы? Жусс досунуздун козу козу отуп кеткенин билсениз керек.Бир уулу,бир кызы томолок жетим калышып кыйналып журушот,жетимге жардам берген ото кучтуу сооп болот дейт.Каралашып коюш колунуздан келеби?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Жетим-жесирлерге жакын же бөлөк дебей көңүл бөлүү мусулмандын парзы. Сиз белгилеген үй-бүлө менен жолугушканмын, Кудай буйруса, айткандарымды аткарамын.
Admin 10:18:04 (12-09-2011)
Суроо
Abdirasul: Азиз Атакозуевич, Жалал-Абад областында Чаткал, алабука райондорундагы алтын кендерин Кытай жарандары билгениндей басып жатканын эл билет. Губернатор катары кыргыз элин оозунан нанын тарттырган байкуш эл катары кабыл алдырган саясаттан кантип кутултасыз? Ушул багытта патриоттук сезим менен жасай турган иш пландарыныз барбы?.. 2)Сизге жолугууга кирип, тегерегин окурто жамандаган, озун мактаган адамдарга алданбайм деп ойлойсунарбы?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Бир гана алтын кендери эмес, жаратылыш берген байлыктын үзүрүн элибиз көрсө дейм. Ал эми бирөөнү жамандап келген адамды эч ким сыйлабайт.
Admin 10:15:20 (12-09-2011)
Суроо
Osh-bishkek: 1.Президенттик шайлоодо биринчи учтукто кимдер болот деп ойлойсуз? 2.Шайлоо канчалык денгээлде таза отот. акыркыс. 3. Сиз колдогон "Республика" партиясы Алмазбек Атамбаевди колдоорун баардык эл билет, бирок Атамбаевдин президент болушу кыйын корунуп калды, ал эми сиз ким учун добушунузду бересиз? Ишинизге ийгилик.

Жооп
Азизбек Турсунбаев: Мен кимге добуш берээрим өзүмө белгилүү, ал менин жарандык укугум. Ал эми биринчи үчтуккө шайлоочулардан кимдер көп добуш алса, ошол талапкерлер чыгат. Бардык талапкерлердин тагдыры шайлоочулардын колунда. Ошондуктан ар бир шайлоочу өзүнүн жарандык укугун туура пайданышы шарт.
Admin 10:12:50 (12-09-2011)
Суроо
Anar: Аппаратттагы мурдагы эле кадрлар менен иштеп жатасызбы,дагы иштей бересизби?Адатта ар бир жетекчи озунун командасын топтойт го,сиз кандай кыласыз?Бирок,особо опасный ,эки-уч фронтко ойногон адамдар да журушот айлананызда,алардан сак болунуз,алардын бири биринчи орун басарыныз,ага ишенип,анга барып тыгылып калбаныз.
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Атайын команда топтоюн деген ниетим жок. Жумушун жакшы алып барган, элге ак кызмат кылуу парзым деп эсептеген кызматкерлер менен чогуу иштешем. Ал эми сиз белгилеген кызматкер боюнча фактыңыз болсо мамлекеттик кадр кызматына кайрылыныз.
Admin 10:10:54 (12-09-2011)
Суроо
Asker: Азиз Атакозуевич! Ишинизге ийгилик, областка чон чон пайдаларды алып келген албан иштерди жасашынызга тилектешмин.Суроом аппарат жетекчиниз Эмил Исакуловичке коз карашыныз. Сизге пайдасынын зыяны коп адам катары билем, коп адамдарды сизге жеткизбей оз билемдик менен иш бутургон жигит ал. Кыскасы сак болун, ону келсе..... жок кылын..
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Жогоруда белгилегендей, ар кимдин абийири өзүнө сот, мен адамды жасаган жумушуна карап баалайм.
Admin 10:09:14 (12-09-2011)
Суроо
Zamir: Мурдагы Кадиржондын укаси Бектурдун жолун жолдоп, озбек сепаратисттеринин алдында шалпайып туруп бересизби?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Өзүмдү патриот кыргыз уулумун деп эсептейм. Элди бөлүп-жарган адамдарды колдобойм, андай адамдар өзү эле элден бөлүнүп четте калат.
Admin 10:07:09 (12-09-2011)
Суроо
Anar: Ала-Бука ,Чаткалда сизге каршы 2 мин адам митингге чыкты деп жазышты,ушул чынбы?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Жок, жергиликтүү калктын 150дөй адамы алтын кендерине байланыштуу маселе менен митингке чыгышкан.
Admin 10:01:44 (12-09-2011)
Суроо
Zamir: Черныйлардын анабашы Водалаз Сиз менен мамилелешмин дейт го? Чынбы, канчалык денгээлде?
Жооп
Азизбек Турсунбаев: Кытайлыктар тамашага салып айтып жүрүшкөндөй, кыргыздар чакан эл болгондуктан, баары эле бири-бирине тааныш.
3722 9:50:19 (12-09-2011)
Сиз губернатор болуп келдиниз, бирок мурдагы губернатордун эптемей кадрлары дагы эле иштеп жатышат. Анан Бактыкан Ажымаматова оз дарамети менен башы корунгон журналист, ал иштеп жатканда Жалал-Абад телеси онуккон. Азыркы Базаркулов "Ата-Мекендин" кадры, сабатсыз жана куйту, артынан заара ушаткандардан. Областтык гезитте да начар кадр отурат, гезитти олтурду. Жакшы кадрларды таап койбойсузбу? Же сизге баары бирби? Эмил Абдыкадыров деген интеллектуал дешет, балээниби. Начар кадр, куйту, жен ичинен, тымызын иштейт. Мурдагы губернатордун душманын кобойткон ошол. Ой-чабыты тар, ичи да тар.
Davan 19:05:08 (08-09-2011)
саламатсызбы Азиз мырза сиздин ишинизге ийгилик шайлоодо кудай акы административдик ресурс колдонулбайт деп айта аласызбы ?
Tileke 11:28:35 (08-09-2011)
Азиз мырза, Акыркы убактарда ММКдан К.Батыровдун айланасындагы, тагырак айтканда анын мулктору жана алардын озбек темир жолуна откоруу туурасындагы маалыматтарды окудунуз болуш керек. Бакиевдин мулктору улутташтырылып жатса, сепаратизм менен куноолонгон Батыродун мулкторун (жалал-абаддын жарымы...)эмне учун антууго болбойт деген суроо элди кыйнап жатат. Облус жетекчиси катары бул нерсеге таасир эте аласызбы? Бул боюнча оюн билдирген бир чиновникти уккан жокбуз. Чечкиндуу кадамдарга бара аласызбы? Сиздин Кыргыз элине жасаган ак кызматыныз сизге чон абой алып келмек. Чон рахмат.
Kesh 22:03:07 (07-09-2011)
Salam aleikum Aziz myrza. Tunduk tushtuk degenderge kandai karaisyz? Tashiev jana Madumarovgo bolgon koz karashynyz je syn pikiriniz?
Mederbayke 18:06:51 (07-09-2011)
Деген менен, Азизбек Атакозуевич эркексиз. Сиздей жигиттер Кыргызстанда өтө аз. Бирок, бир кемчилигиңиз бар. Ал - өтө ишенчексиз. Анан да өткөн күндү бат унутасыз. Кечээ эле сизди саткан адамдар менен кайрадан дос болуп, ал эми эң оор учурда жаныңыздан жылбай, моралдык колдоо көрсөткөн адамдарды карабай кетесиз
Mederbayke 18:03:22 (07-09-2011)
Салам алейкум, Азизбек мырза. Сизге төмөндөгүдөй суроолорум бар:
1. 7-апрель окуясынан кандай сабак алдыңыз? Эгер оң сабак алган болсоңуз, анда кимдин ким экенин билген чыгарсыз. Андай болсо, мурдагы жана азыркы санаалаштарыңыздын кимиси саткын, кимиси сиз үчүн чындап күйгөнүн ачык айта аласызбы?
2. Сизди "Учур" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев менен өтө ынак дос дешет. Андан бөлөк журналисттер менен дагы мамиле курасызбы? Болсо, алардын аттарын атасаңыз.
3. Сизди экс-президент Курманбек Бакиев менен өтө ысык мамиледе жүргөнүңүздү билебиз. Азыр ал кишинин ал-акыбалын сурап турасызбы?
4. "Республика" партиясынын депутаты Исхак Пирматов сиздин кадр. Ал "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеген кезинде миллиондогон долларларды жегени тийиштүү органдар тарабынан тастыкталганы айтылууда. Анда Исхак үкаңыз менен да кошо жешкен турбайсызбы? Ачык айтсаңыз, мамлекет казынасына кол салдыңыз беле?
5. Сиз өмүрүңүздө жакын тууган, адамдарыңызды капаланткан учур болду беле?
Алдын ала рахмат айтам. Ишиңизге ийгилик
kaiyl 11:07:04 (07-09-2011)
Сизди биринчи жамандап кирген кишиге тез ишенет,бардык маселени жардамчысы Токтомушпу, толомушпу, айтор ошол кишинин акылы менен чечет дешет, озунуздун туюмунуз менен эле кадам жасаганыныз жакшы болмок.Сизди ушул кызматта коп жыл иштешинизди каалайм, ато жыл сайын губернаторлор алмаша берип, кимдер иштеп кеткенин эл деле эстей албай калды, же жасаган иштери белгисиз.
kaiyl 11:01:54 (07-09-2011)
Эмне учун "Ак жол" партиясынын мучолору озунор эле тарап кеттинер? Же силерди бироо тараттыбы?"Республика" партиясын кандай себептер менен тандадыныз. Бирок, бир Бакиев качса баардыгынар чилдей тарап кеткенинер кызык болду.Ошол кезде жалгыз легитимдуу бийлик силер болчусунар.Убактылуу окмот силерге унчуккан эмес эле го?
aruuke 9:30:57 (07-09-2011)
Ала-Букадагы суу сактагычты озбектерге арандага берип жиберишкен,ошонун мооноту бутот деп жатышты эле,ошол маселе кандай болуп чечилгенин билсек болобу?
Tileke 8:50:54 (07-09-2011)
Азизбек Атакозуевич!
Сизди озунун позициясы бар жаран катары билебиз. Кадр маселеси боюнча кандай иштерди алып барасыз? Бироолор берген компроматтарга, ушактарга берилбейсизби? Себеби жогорудагы суроолордо далилсиз эле сиздин аппаратынызды каралап жатышат. Эмил Исакулович, мага эч ким эмес, бирок аны чыныгы жетекчи деп билем, айрым адамдарга караганда жакшына эле жумуш жасап жатканын коруп эле жатабыз.
Ищинизге ийгилик!
janna 7:56:59 (07-09-2011)
Азизбек Атакозуевич, пресс-катчылыкка откон жылдагы апрель окуяларында К.Бакиевдин создорун ЖТР аркылуу токпой-чачпай берип турган Бакыткан Ажымаматова деген аялды экинчи жолу тандап жатышат. Бул аялдын шайлоо алдында пресс-катчылкка алып келууго кандай кызыкчылык болуп жатат? Эмнеге Президенттин пресс-катчысы кесиби боюнча журналист болбосо да иштейт да, Жалал-Абад облустук бийликтин конкурстук комиссиясы эле башка кесиптен иштегенге болбойт?- деген шылтоо менен элди озунун туура эмес иш аракети менен кыйнаган адамды алып келуу аракети журуп жатат. Мамлекеттик кадр кызматынын облуста отурган кызматкерлери откондо Б.Ажымаматова 20 упай алып сынактан отпой калган адамды кайра эмнеге сынакка катыштырып жатат десе,Б.Ажымаматова озунун жакын подружкаларын ортого салып, даяр тесттин материалдарын акчага сатып алып, эми откорбой коргуло, алчунарды алдынар, абийиринерди айрандай тогом"-деп коркутуп жатыптыр. Ушундай сынактын кимге кереги бар, ортодо акча жеген мамлекеттик кадр кызматын туп-тамырынан жоюп салуу керек. Ошондо гана жондомдуу адамдарга жол ачылат. Сиз буга кандай карайсыз? Ажымаматова отуп калып, пресс-катчы болсо, Сиздин кадыр-баркынызга доо кетпейби? Себеби ал аял Бакиев заманы менен жашап, ошол идея менен сугарылган, К.Бакиевден башканы Президент катары эсептей албайт!!!
esenbay 19:24:44 (06-09-2011)
salamtyzby, Kudaiga iwenesizbi jana kudaidan korkosuzbu?
Guli 17:12:29 (06-09-2011)
Саламатсызбы Азиз байке! Сизди жаны жумуш ордунуз менен куттуктаймын, коздуу мончок жерде жатпайт дегенинде чындак бар экен. Ишинизге ийгилик! Суроом, Сиздин жанынызда жургон Тулян деген жардамчыныз Сиздин 7-апрелден кийин ар кандай создор менен жамандап, убактылуу Окмоттон колдоо издегени жонундо кабарыныз барбы? Ошол жардамчыныз Сиз вице-спикер кезинизде Сиздин атыныздан коп озунун иштерин бутуруп алганын билебиз, анан 7синен кийин Сизди ата-мекенчилерге жамандаганында уккан жайыбыз бар. Ошол адам азыр Сиз менен Жалал-Абадда иштешип атыптыр дегенин уктук, ал киши Сизге кыяннаттык кылып кетпейт деп ойлойсузбу? Рахмат Бишкектен Гули
aruuke 16:28:47 (06-09-2011)
Азиз Атакозиевич,ишинизге албан-албан ийгиликтерди каалайм!
Tolubai 15:17:03 (06-09-2011)
Азиз Атакозиевич Сиздин аппарат жетекчиниз Жалал-Абад областынын комуско губернатору болуп калган дейт ушул чынбы. Анткени ал киши киришпеген бир да жумуш жок дейт ал эми замдарыныз болсо аш тойлор менен гана кун откоруп журот дешет?
marc 14:18:04 (06-09-2011)
Азиз Атокозуевич саясий,экономикалык оор мезгилде келдиниз,кудай колдоп ишиниз элдин купулуна толсун.Аппарат башчыныз Эмил Исакулович жонундо жазышыптыр,биз чыдамсыздык менен сизге ал кишинин коомдогу тазалыгы,интелектуалдык денгээлинин жогорулугу,оз ишиндеги чеберчилиги,иш устундогу, эл алдында чон жоопкерчиликтуу жетекчи катары билээрибизди айталы дедик.Коп системада иштеген тажрыйбалуу жетекчи катары бул жигитке тескери баа берип,жаманатты кылып жазгандар, бул облус элинин чыккынчысы деп эсептейбиз.Эл-чарбасын которууго бул жетекчиде потенциал абдан чон.Элди башкарууда-кучтуу бийлик керек.Тартип болуусун калаайбыз.
Anar 14:14:14 (06-09-2011)
Жалал-Абадды Ата-Мекенчилер бийлейт деп айтышат,ушул чынбы?Бардык жетекчилер ушул партиядан экен го. Аралаштырбайсызбы?"Ата-Мекендин" авторитети азыр айрандай тогулуп турган кезде,аларды тазалабасаныз,озунузго муш болбосун.Негизи безпартийныйларды эле иштеткениниз он го
jasmin 14:06:23 (06-09-2011)
Президенттик шайлоодо кимдин талапкерлигин колдойсуз жана чыр-чатактардын чыгып кетпоосу учун губернатор катары кандай иш-чараларды жургузосуз?
ruslan 13:59:57 (06-09-2011)
Урматтуу Азизбек Атакозуевич, "Кыргызнефтегаз" боюнча эмне иштерди жургузуп жатасынар. Коллектив тышкы башкаруучунун ишине абдан нааразы. Эки тарапка тен тиешеси жок адамды тышкы башкаруучу кылып койсо болбойбу? Качанга чейин эле ишкананы ата-мекенчилер талап-тоной берет?
jasmin 13:59:48 (06-09-2011)
Cаламатсызбы? Сизди Курсан Асанов менен тирешип жатат деп айтып журушот.Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгерден чын болсо эмне учун?
jasmin 13:59:42 (06-09-2011)
Cаламатсызбы? Сизди Курсан Асанов менен тирешип жатат деп айтып журушот.Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгерден чын болсо эмне учун?
jasmin 13:59:35 (06-09-2011)
Cаламатсызбы? Сизди Курсан Асанов менен тирешип жатат деп айтып журушот.Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгерден чын болсо эмне учун?
Tolubai 10:49:44 (06-09-2011)
Урматтуу Азизбек Атакозиевич! Озунуз билгендей бугунку кундо аким, мэрлерди шайлоо жергиликтуу кенештин депутаттарынын колунда болуп калды. Кандай ойлойсуз ошол депутаттар татыктуу кишини шайлап беришеби же баягы эле конумуш адат тууганчылык, уруучулук, акчанын кучу менен шайлашабы,эгер андай болсо алар менен кантип иштешесиз?
DOMB 8:59:42 (06-09-2011)
Саламатсызбы,Азиз Атакозиевич бизди кызыктарган суроолордун бири Токтогул районунун Уч-Терек оорону тараптан Базар-Коргон районунун бир айылы менен бириктире турган жолду ондоп ишке киришет-деп жатышат эле.Ошол боюнча маалыматты тактап берип койсонуз жакшы болот эле.
m.b. 19:53:09 (05-09-2011)
Ала-Бука, Чаткал райондорундагы алтын казып жаткан чет элдик ишканалардан ошол райондордун жергиликтуу бюджеттерине канча каражат тушот. Бул ишканалардын элге пайдасынан зыяны коп экендиги айтылууда. Бул маселе боюнча сиздин оюнуз.
boxa 19:02:53 (05-09-2011)
Саламатсызбы?
Жусс досунуздун козу козу отуп кеткенин билсениз керек.Бир уулу,бир кызы томолок жетим калышып кыйналып журушот,жетимге жардам берген ото кучтуу сооп болот дейт.Каралашып коюш колунуздан келеби?
Abdirasul 16:37:21 (05-09-2011)
Азиз Атакозуевич, Жалал-Абад областында Чаткал, алабука райондорундагы алтын кендерин Кытай жарандары билгениндей басып жатканын эл билет. Губернатор катары кыргыз элин оозунан нанын тарттырган байкуш эл катары кабыл алдырган саясаттан кантип кутултасыз? Ушул багытта патриоттук сезим менен жасай турган иш пландарыныз барбы?.. 2)Сизге жолугууга кирип, тегерегин окурто жамандаган, озун мактаган адамдарга алданбайм деп ойлойсунарбы?
osh-bishkek 14:54:39 (05-09-2011)
1.Президенттик шайлоодо биринчи учтукто кимдер болот деп ойлойсуз? 2.Шайлоо канчалык денгээлде таза отот. акыркыс. 3. Сиз колдогон "Республика" партиясы Алмазбек Атамбаевди колдоорун баардык эл билет, бирок Атамбаевдин президент болушу кыйын корунуп калды, ал эми сиз ким учун добушунузду бересиз? Ишинизге ийгилик.
Anar 14:35:02 (05-09-2011)
Аппаратттагы мурдагы эле кадрлар менен иштеп жатасызбы,дагы иштей бересизби?Адатта ар бир жетекчи озунун командасын топтойт го,сиз кандай кыласыз?Бирок,особо опасный ,эки-уч фронтко ойногон адамдар да журушот айлананызда,алардан сак болунуз,алардын бири биринчи орун басарыныз,ага ишенип,анга барып тыгылып калбаныз.
asker 14:03:33 (05-09-2011)
Азиз Атакозуевич!
Ишинизге ийгилик, областка чон чон пайдаларды алып келген албан иштерди жасашынызга тилектешмин.Суроом аппарат жетекчиниз Эмил Исакуловичке коз карашыныз. Сизге пайдасынын зыяны коп адам катары билем, коп адамдарды сизге жеткизбей оз билемдик менен иш бутургон жигит ал. Кыскасы сак болун, ону келсе..... жок кылын..
zamir 13:26:00 (05-09-2011)
Мурдагы Кадиржондын укаси Бектурдун жолун жолдоп, озбек сепаратисттеринин алдында шалпайып туруп бересизби?
Anar 13:18:13 (05-09-2011)
Ала-Бука ,Чаткалда сизге каршы 2 мин адам митингге чыкты деп жазышты,ушул чынбы?
zamir 13:12:29 (05-09-2011)
Черныйлардын анабашы Водалаз Сиз менен мамилелешмин дейт го? Чынбы, канчалык денгээлде?
 
8 февраль 2012
12:29   Спикер А.Жээнбеков «Баракелденин» онлайн-конференциясына келет
24 январь 2012
17:45   Гүлнур Сатылганованын онлайн-конференциясы аяктады (фото)
24 декабрь 2011
12:01   Айгүл Рыскулованын онлайн-конференциясы аяктады
16 ноябрь 2011
15:43   Вице-премьер-министр И.Жунусовдун онлайн-конференциясы аяктады
19 октябрь 2011
16:05   Депутат Алтынбек Сулаймановдун онлайн-конференциясы аяктады
20 сентябрь 2011
16:40   Курсан Асановдо түштүктөгү баңгитрафикти ким көзөмөлдөгөнү боюнча оперативдик маалыматы бар
12 сентябрь 2011
12:18   Губернатор Азиз Турсунбаев окурмандардын суроолоруна жооп берди
27 июль 2011
15:53   Губернатор К.Муратбековдун онлайн-конференциясы аяктады (фото)13:42   Нарын губернатору К.Муратбековдун онлайн-конференциясы башталды
13 июль 2011
16:00   Министр А.Алымкуловдун он-лайн конференциясы аяктады (фото)
1 июнь 2011
16:22   Ырчы Каныкей «Баракелденин» суроо узаткан окурманына элдик ыр тартуулады (видео)15:47   Каныкейдин онлайн-конференциясы аяктады, Asdi_77 колдонуучусу ырчынын кызыктыруучу белегине ээ болду (фото)13:45   Ырчы Каныкейдин онлайн-конференциясы башталды
24 май 2011
15:02   Т.Сариев: А.Атамбаев млн боюнча мен тууралуу айткан жалган сөзү үчүн кечирим сурашы керек (видеомаек)
23 май 2011
13:10   Режиссер Нурбек Эгендин онлайн-конференциясы болду
11 май 2011
15:40   Төкмө акын А.Болгонбаевдин он-лайн конференциясы аяктады (фото, видео)
26 апрель 2011
14:24   Ө.Текебаев: Мага азыр деле А.Атамбаев, Ө.Бабановдор «дасторкондун» четинен орун алууну сунуштап келишет (видеомаек, жаңыланды)
25 апрель 2011
16:34   Руслан Бекназаровдун онлайн-конференциясы аяктады (фото)14:39   Коалиция башчысы К.Исаев: Бишкекте 2 бөлмөлүү квартирада жубайым, үч балам менен жашайм, башка мүлк жок (видеомаек)13:45   Руслан Бекназаровдун онлайн-конференциясы башталды
15 апрель 2011
16:23   Ширин Айтматовага берилген суроолор жакпагандыктан, онлайн-конференцияга катышуудан баш тартты13:50   Депутат Ширин Айтматова «Баракелденин» онлайн-конференциясына келет
13 апрель 2011
12:21   Казакстандык телеберүүдө «Баракелденин» онлайн-конференциялары белгиленди (видео)
18 март 2011
16:11   Атай Өмүрзаковдун онлайн-конференциясы болду (фото)
22 февраль 2011
19:16   Э.Байсалов: «Булак.kg» интернет-гезити мага тиешиси бар15:57   Э.Байсаловдун он-лайн конференциясы болду (фото)
17 февраль 2011
15:30   Депутат Р.Жээнбеков: Уккандарым чын болсо, Р.Отунбаева К.Бакиевдин жолуна түшүп алды (видео)
14 февраль 2011
13:22   Ж.Сатыбалдиев: Мени сындаса болот, бирок өзүмдү эч кимге кемсинткенге жол бербеймин (видеомаек)
10 февраль 2011
15:35   К.Ташиев: Президенттик шайлоого бара турган болсом, сөзсүз утам (видеомаек)
2 февраль 2011
11:30   М.Эшимканов окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып, дагы бир топ сырларды ачты (фото)
1 февраль 2011
14:00   М.Эшимкановдун он-лайн конференциясы башталды
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.