Баракелде - Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин наамындагы сайттардын ээси ким деп domain.kg сайтына киргенде, алардын баары бир эле адамдардын наамына катталгандарды көрсө болот. Бул тууралуу «Лимон» сайты маалымдады.
Анда жазылгандай, japarov.kg; tuleev.kg; tekebaev.kg жана башка көптөгөн сайттардын ээси бир эле адам болуп чыкты. Ошол эле убакта бул сайттардын жаңылануу убактысы августтун биринчи жарымына келүүдө, башкача айтканда, президенттикке талапкерлердин тизмеси толугу менен такталып бүткөндө. Мисалы, М.А.Өмүров деген адам atambaev.kg жана tashiev.kg сыяктуу домендик даректерге ээлик кылат жана аларды сатып алуу убактысы 2011-жылдын 16-августу.
Бул сайттар шайлоо алдындагы үгүт иштери убагында керек болуп калганда, аны алдын ала сатып алып койгон адамдар белгилүү бир акчага кайра сатууга даяр болушат.
Мындай адамдардын өз аты бар — киберсквоттерлер жана алардын бул иши киберсквоттинг (англ. Cybersquatting) деп аталат жана белгилүү, же «кымбат» компаниялардын аттарына шайкеш домендик даректерди сатып алып, кийин аны кайрадан сатуу, же жарнак жайгаштыруу дегендикти билдирет.
Киберсквоттинг кылмыш болуп саналат, бирок жабырлануучу тарап көп учурда талашып-тартышып, убакыт коротпой, домендик даректи сатып алууга барат.
Шайлоо үгүтү жакындаганда башында аталган сайттарга наамдары коюлган талапкерлер 2-3 эсе кымбат сатып алышабы, же киберсквоттерлерди сотко береби — убакыт көрсөтөт.





















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (3)