Баракелде - Каржы полициясынын мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Эркин Булекбаев «Назар» гезитине (20-апрель, №20(072) берген маегинде азыр ал мурунку эле кызматкерлер менен иш алып бара жатканын айтты.
«Эч кимди иштен кетирген жокмун, болгону алардын алдына мамлекеттен уурдалган акчанын баарын бюджетке кайрып келүүгө, экономиканы көтөрүүгө жардам бергиле. Мындан ары Каржы полициясы элге иштесин, анын аброю көтөрүлсүн дедим», - деп айтты Э.Булекбаев.
Анын айтымында, 10 күндүн ичинде ким кандай иш кылып, кандай адам экени билинип, баа берилип, арасынан тандалганы ордунда калат.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)