Баракелде - Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен болгон маек «Асманпресс» гезитинин 8-сентябрда чыккан гезитинде жарык көрдү
Кечээ жакында кыргыз басылмаларынын бирине Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров Азыркы Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдун дарегине бир топ сөздөрдү айтып, 3 млн долларды жымырып алган деп маалымат таратты. Биз маалыматтын чын-төгүнүн тактоо үчүн С.Жээнбековго байланышкан элек.
- Сооронбай мырза, Абдылда Капаров кыргыз басылмаларынын бирине берген маегинде 2010-жылы 7-апрель ыңкылабынан кийин "Убактылуу өкмөт милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү үчүн жана тамагына атайын берип жиберген 3 миллион долларды Сооронбай Жээнбеков жымырып алган" дептир, ушул чынбы?
- Өкмөттүн бюджетинен Ош облустук ички иштер органдарынын кызматкерлерине кетирилген баардык каражаты, жети райондун ички иштер органдарынын кызматкерлерин кошкондо (айлык маянасы, тамак ашы, транспорт каражаты ж.б.) биригип бир айына 10 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Ушул жерден Капаровдун бир эле тамак-аш үчүн 3 млн. доллар бөлүнгөн деген сөзү калп экендиги айгинеленип турат. Ал эми ошол мезгилдеги милиция кызматкерлеринин тамак-ашына белдүү белгилүү ишкер мырзалар Р.Маманов, А.Жээнбеков, М.Чынкараевдер колдоо көрсөтүшкөн.
- Сиз көргөн жоксузбу анча акчаны?
- Эгерде 3 млн. доллар бөлүнсө, Каржы министрлигинин отчетунда маалымат берилмек. Ошол кездеги Каржы министри Темир Сариевдин Жогорку Кеңеште жана Массалык маалымат каражаттарында берген маалыматында жогорудагы сумма айтылган эмес. Ал Ош облусуна бөлүнгөн 500 миң доллар акча банкта турат деп айтпадыбы. Ал акчанын кайда экендигин банктан сураш керек. Абдылда Капаровдун гезитке берген маалыматы карандай калп. Бирок, жогорудагы жалган маалыматты окуп алып, чынында капа болот экенсиң. Мен билип турам, албетте алдыда президенттик шайлоо келе жатат, ар кандай күрөштөр болот, бирок, мындай жолдор менен эмес, таза жолдор менен күрөшүү керек. Капаровдун артында башка адамдар бар го деген ойдомун. Мындай калпты ышкырткан күч органынын өкүлүнөн кандай жакшылыктарды күтсө болот? Алланын улуу күндөрү болгон Орозо айында, жалган айткан мындай полковникти Кудайга койдум.
- Капаров сен муну такыр унут, саясатка такыр түшүнбөйт турбайсыңбы дегенин уктум дагы кайрылып кетип калдым деп жатат го...
- Мындай сөз болгон эмес. Эми мен Капаровдун артынан жамандагандай болбойун бирок анын ким экендигин Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен сурасаңыздар болот...
- Кабинетиңизде дагы кимдер бар эле?
- Ошол күндөрү менин кабинетимде облустук координациялык кеңештин мүчөлөрү, орун басарларым, райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары акимдер жана өз ыктыяры менен келишкен патриот жигиттер, Кыргызстандын жарандары, ошонун ичинде Ош облусунун тургундары болушкан. Мен ал күндөрү күн-түн дебей адамдарды кабыл алып кабинетимде эч качан жалгыз болгон эмесмин.
- Капаров менен мамилеңиз кандай эле?
- Биринчиден, Бакиевдердин туура эмес иштерине 7-апрелге чейин эле каршы чыгып күрөшүп келгенбиз, мен ал убакта Капаров дегендин бар экенин көргөн дагы, билген дагы эмесмин. Капаровду болсо УВДнын начальниги кылып дайындоого координациялык кеңештин сунушунун негизинде 9-апрелде мен макулдук бергенмин.
- 2010-жылы 13-14-майларда «Бишкекте Нариман Түлеев бийлик орнотуптур. Ошту Үсөн Сыдыков басып алыптыр. Убактылуу өкмөттүн күнү бүттү. Нариман менен кантип жолугушсак болот?» дептирсиз го… Бул сиздин чыныгы жүзүңүзбү?
- Мындай сөз мен тараптан айтылган эмес. Ал эми мен тууралуу жалган ушак- айыңдарды, жалааларды айткандыгы Капаровдун өзүнүн абийиринде.
- 7-апрель ыңкылабынан кийин Мени Убактылуу Өкмөт жиберди деп Ошко барып, ал жерден 20-30 адамды жыйнап, 2005-жылдагы митингдеги элдин фонун видеомонтажга кошуп, Убактылуу Өкмөттү алдаптырсыз го?
- 2005-жылы Ош шаарынын борбордук аянтында элге таанымал башка фигуралар болушкан. Ал эми 2010-жылдын 8-апрелинде Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунан мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу максатында Ош шаарынын борбордук аянтында 10 миңдей адам чогулуп, Кыргызстанды экиге бөлөбүз деген Бакиевдердин жактоочуларына каршы чыгышкан. Бул окуяны ошол күндөрү Массалык маалымат каражаттарынан байма-бай берип турушкан. Ал видео съёмкалар бүгүнкү күнү да сакталып келүүдө, ишенбегендер болсо көрүшсө болот. Ошол мезгилде Бакиевдин жактоочулары, криминалдык топтору аябай көп болчу. Алар бизди жөн эле олтургузуп коюшкан жок. Эгерде Капаров айткандай 20-30 киши болгонубузда, биз Бакиевдин куралдуу күчтөрүнө каршы тура албайт болчубуз.
- Ош коогалаңынын алдында Иномжан Абдрасулов, Жалалидин Салахуддиновдорду сиздин кабинетиңизден эле чыкпай жүрчү дешет го?
- Эми менин кабинетимден эле чыкпаса, ал жерде эл бар. Мен аларга облустун губернатору катары, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте ачык жолугуп, токтоткула, силердин топтошуп жатканыңарды көрүп кыргыздардын кыжыры келип жатат. Парламенттик шайлоого бир улуттун өкүлдөрүнөн турган партия катыша албайт. Силердин да Родина партияңар баары бир кирбейт дегем. Мен губернатор катары алар менен сүйлөшүүгө барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, басышым милдет болчу. Сен баса албадың деп сын айтып жатат, андай болсо Капаров өз милдетин аткарып Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы катары чара көрбөйт беле?
- Эми кайсыл учурда бул окуяга саясий баа берилип, экинчи ирээт мындай нерселер болбош үчүн эмне иш кылыш керек?
- Эми мындай кайталанбаш үчүн, эң биринчи бийликке элдин ишеними болушу керек. Элдин ишенимин алуу үчүн бийлик ачык-айкын болуп, эмне кылганын эл көрүп-билип туруусу зарыл. Ошондон соң экономика өзүнөн өзү көтөрүлө баштайт. Маселен бир жылдын ичинде өлкөбүздүн бюджети көтөрүлүп мугалимдердин, медицина, маданият кызматкерлеринин жана пенсионерлердин айлык маяналары көбөйүп, ишкерлер үчүн мамлекет тарабынан ыңгайлуу шарттар түзүлүп, көптөгөн тоскоолдуктар алынып, бийлик ачык-айкын иш жүргүзө баштады. Ушуга байланыштуу учурда Өкмөтүн жүргүзүп жаткан саясатына ыраазы болгондордун саны көбөйүүдө. Ошондуктан, бийлик элге шарт түзүп берсе эле, эл өзү эле экономиканы көтөрүп алат. Эл буга даяр, эми муну мамлекеттик бийлик жасап беришибиз зарыл.
- Укук коргоо органдары, армиянын алсыздыгы айтылып калып жүрөт го?
- Уюшулган кылмыштуу топторго укук коргоо органдарынын ошол кезде алы жеткен жок. Укук коргоо органдарын мамлекеттик бийлик ар кандай иштерде колдоно берип, мыйзамсыз иштерге түрткү берип өз функцияларынан чыгарып жиберишкен. Бакиевдин учурунда канча адамдар атылып кетти, канча экономикалык кылмыштар болду. Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлерин 120 адамга чейин кыскарткан. Ал эми атайын тез аракеттенүүчү отрядын кызматкерлерин 40 адамга чейин кыскарткан. Азыркы убакта кайгуул-күзөт кызматы 501 кызматкерге, атайын тез аракеттенүүчү отряды 150 адамга көбөйүп, Бакиевдин убагында 4 миң сом айлык алган ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 15-20 миң айлык алышат.
- Ош окуясында армия ички конфликтте ок чыгарууга болот беле?
- Өзбектер дагы, кыргыздар дагы бир эле Кыргызстандыктар да. Армияга абдан эле оор болду, атайын десе өз эли. Кээ бирлери жабыр тартышып, токмок жеп, каза болгондор да болушту. Эки элдин ортосунда турушуп, июнь окуясында өздөрүнүн чоң салымдарын кошушту. Эми өзүңүз билесиз, армиянын милдети башка. Армия Кыргыз мамлекетин тышкы күчтөрдөн коргоо үчүн түзүлгөн да. Генерал И.Исаков, Б.Алымбековдор барып, коменданттык саат кирди, аракеттер болуп жатты, бирок, күч жетишсиз болду. Эми июнь окуясы боюнча элге кеңири эле маалымат берилди го деп ойлойм, үч комиссия карап чыгып өз бааларын беришти. Парламентте талкуу болуп, Массалык маалымат каражаттарынан чагылдырылып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
- Кайра түндүк-түштүк маселеси козголуп жаткандай, байкай алдыңызбы?
- Кээ бир саясатчылар элдин добушун алуу үчүн түндүк-түштүк, өзбек-кыргыз деп бөлүп-жаруу аракеттери болушу мүмкүн. Мен айтаар элем, чынында коркунуч бар. Саясатчылар азыркы өлкөбүздөгү кырдаалды туура түшүнүшүп, Кыргызстандын келечегин ойлоп, элди экиге бөлүүгө жол бербөөлөрү зарыл. Президент ким болбосун экономиканы көтөрүп эл үчүн ак дилинен кызмат кылган адам болсо болду.
- Азыр Ош облусунда жыйым-терим иштери кандай колго алынып жатат?
- Кудайга шүгүр. Угуп жатсаңыз керек, мөмө-жемиштер, пахта, буудайдын түшүмдүүлүгүн быйыл Кудайым берди. Бир эле мисал, Ош облусунда пахта 2010-жылы 12,5 миң гектар болсо, 2011-жылы 15,6 миң гектар эгилген. Быйылкы жылы пахтанын аянтын 3 миң гектарга көбөйтө алдык. Ош облусунда 2011-жылды Инвестицияларды тартуу жана өндүрүштү көтөрүү жылы деп жарыяланып, облустун тарыхында биринчи жолу Россия, Кытай, Иран, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан ж.б. мамлекеттерден келген официалдуу делегациялардын катышуусунда Инвестициялык форум болуп өттү. Жогорудагы мамлекеттер менен 12 келишим түзүлүп, 24 млн. долларлык долбоорлор аткарылууда, мунун жыйынтыгы алдыдагы жылдарда жемишин берет.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)