
Баракелде - Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн Европада коопсуздук, кызматташтык уюмунун (ЕККУ) туруктуу төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев менен жолугушуп, өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эл аралык коомчулук өлкөдөгү стабилдүүлүктү орнотуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Убактылуу өкмөттүн демилгелерин колдойт, дейт К.Саудабаев.
Ошондой эле, анын айтымында, ЕККУ Кыргызстандын экономикалык, конституциялык жана башка көрүп жаткан долбоорлорго жана программаларга дүйнөлүк жардам берүү маселесин кароого даяр.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)