Баракелде - «Ата Түрк» сейил багындагы 5 гектар жерди «Ю-Ти-Ай Глобал» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген делип мурдагы мэр жана экс-премьер-министр Дания Үсөнов менен экс-вице-мэр Алексей Филатов айыпталууда.
«Кыргыз Руху» гезитинин 30-сентябрда чыккан санында жазылгандай, буга байланыштуу ишти Бишкек шаардык прокуратурасы иликтеп, сотко өткөрдү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда мындан башка да мамлекеттик органдардын жетекчилерине байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
Буга чейин жергиликтүү тургундар аталган сейил бактын аймагындагы бак-дарактар кыйылып, курулуш иштери жүрүп жатканын белгилешип, бир нече ирет мамлекеттик жетекчилерге кайрылышкан, деп кошумчаланат гезитте.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)