Баракелде - Башкы прокуратура тарабынан президенттин тапшырмасы менен жана жарандар Э.Сулайманов жана З.Элтуйбасованын арыздарынын негизинде үстүбүздөгү жылдын 20-майында “Бишкек-Торугарт” жолунун 10-километринде Б.Сулаймановдун өлүмүнө алып келген жол-транспорт кырсыгы текшерилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
20-май күнү саат 23:30 чамасында “Бишкек-Торугарт” жолунун 10-километринде, Ысык-Ата районуна караштуу Ново-Покровка айылынын Ленин көчөсүндө Т. Адыранов «Тойота Ленд-Крузер» автомашинасын чыгыш тараптан айдап баратып Б. Сулаймановду басып кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттан улам ошол замат көз жумган.
Бул окуя боюнча 31-майда Ысык-Ата РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Себеби каза болгон адамдын туугандары Т. Адырановду айыптоодон баш тартышып, ал 7-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан жокко чыгарылган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жол-транспорт кырсыгына тиешелүү «Тойота Ленд-Крузер» автомашинасы КР МУКК төрагасы К. Дүйшөбаевдин кызматтык автомашинасы экендигин тастыктады. Бирок анын кырсык болгон учурда рулда же ушул автомашинада отургандыгы далилденген жок.
Бул жагдайды толук аныктоо үчүн кошумча тергөө амалдары, эксгумация, кырдаалды жана окуянын жагдайын иликтөө жана кылмыш ишин козгоо талап кылынат. 29-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан КР КЖКнын 281-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголуп, КР Аскер прокуратурасына тапшырылды.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)