Баракелде - «Назар» гезити 27-апрелде чыккан санында Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү тууралуу макала чыгарды.
Анда жазылгандай, К.Бакиевдин Минскиге чогуу учуп кеткен аялынын аты Айнагүл жана ал экс-президенттин улуу баласы Марат менен тең.
Бакиевдин экинчи аялынан 20 жаштагы уулу бар, ал эми үчүнчү аялы Айнагүл менен ал Тогуз-Торо районунун акими болуп жүргөндө таанышкан. Биринчи аялы Татьяна бул тууралуу билип калып, баш ийип берген, деп жазылат гезитте.
Максим буга «таарынып, атасы менен катташпай жүргөн. Кийин ажо болгондо, К.Бакиев мыйзамдуу үй-бүлөсүнө барып кечирим сурап, алып келген имиш. Ата-баланын ушундай мамилесинин азабын бүт кыргыз тартты. Атасы бир баласынын таарынычын жазам деп Кыргызстанды талкалады», - деп жазат гезит кабарчылары.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)