
Баракелде - 2011-жылдын январь-сентябрь айында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 59 147,5 млн сомду түздү. Бул тууралуу басма сөз жыйынында Кыргызстандын каржы министринин орун басары Медер Темирбеков билдирди, деп жазат «Кыргыз Туусу» гезити 25-октябрдагы санында.
Анын айтымында, 2010-жылдын тогуз айына салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 24,9%га көбүрөөк аткарылган. Төлөмдөрдүн негизги курамы салыктардан түшкөн, анын жалпы суммасы 32 521,0 млн сомду түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу чогултулган салыктардын суммасы 8 590,8 млн сомго көбүрөөк болгон.
М.Темирбеков салыктардын көлөмү 16 338,4 млн сом, Бажы кызматы 16 182,6 млн сомду түзүп, план 100%дан ашык аткарылгандыгын кошумчалады.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)