
Баракелде - 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорго арналып курулуп жаткан Ата-Бейиттеги мемориалдык күмбөз-эстелик үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында, Курман айт күнүнө карата бүткөрүлмөкчү. Бул тууралуу «Кыргыз Туусу» гезити 28-октябрдагы санында жазат.
Президенттин аппаратынын стратегиялык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперт-консультанты Марат Исаковдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 21-февралындагы «Апрель элдик революциясынын 1 жылдыгын белгилөө жөнүндө» президенттин жарлыгына ылайык, Ата-Бейит мемориалдык комплексинде жана Бишкек шаарынын борбордук аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун эстелигин куруу боюнча сынак жарыяланып, жеңип чыккан эскиздер комиссияда, коомчулукта, гезиттерде, телевидениеде кеңири талкууланган. Ошондон соң өкмөттүн атайын токтому менен сентябрь айында каржылык маселелери да чечилген.
Бүгүнкү күнү жогоруда айтылган эстеликтердин курулушу Ата-Бейит мемориалдык комплексинде жана Бишкек шаарынын борбордук аянтында кызуу ыргакта жүргүзүлүп жатат. Учурда мемориалдык күмбөздүн темир бетондон курулган тулку бою бүтүп, кымбат баалуу мрамор, гранит жана габро таштары менен жасалгалоо иштери башталды. Күнүнө 50-60 жумушчу иштеп, иштин 70 пайыздан ашыгы бүткөрүлдү. Күмбөздүн, курман болгон жигиттердин кабырларынын тегереги (сөөгү жаткан жерлер) көрктөндүрүлүп, жашылдандырылууда. Иштеп жаткан жумушчуларга шарт түзүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кышкы жылуу чатырлар алынып берилген. «Кыргызстанда сапаттуу ак мрамор, жетиштүү өлчөмдө даяр гранит, габро таштары жок болгондугуна байланыштуу миң чарчы метрден ашуун мрамор, габро, гранит таштары Кытайдан алынып келинди», - дейт Марат Исаков.
Ал эми борбордук аянттагы эстеликтин темир-бетон иштеринин 90 пайызы бүткөн. Мрамор, гранит, габро таштары менен жасалгалоо иштери 7-ноябрга бүткөрүлмөкчү. Бирок, Кыргызстанда атайын сапаттуу колодон (атайын скульптуралык коло) скульптура жасоочу заводдордун жоктугуна байланыштуу Айкөл Манастын, Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери жасалган Москвадагы заводдор менен келишим түзүлүп, скульптуралардын чоңойтулган моделдери Москва шаарына жөнөтүлгөн. Скульптура куйган заводдун технологиялык циклине байланыштуу график боюнча 2,5 айда бүткөрүлөт. Азыр заводдун жетекчилери жана скульпторлор менен скульптураларды үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын биринчи жарымында бүткөрүү боюнча макулдашуулар болуп жатат. Москвадагы бүткөрүлгөн скульптуралар Бишкекке автоунаа менен алып келинет.
7-апрелде курман болгондордун борбордук аянттагы эстелиги жаңы жылга жетпей ачылаары күтүлүүдө.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)