Баракелде - Бүгүн, 28-октябрда президент Роза Отунбаева Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Түркия парламент депутаты Нурсуна Мемечан айым жетектеген делегациясы менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, делегациянын курамында Улуу Британиянын, Грециянын, Словениянын жана Латвиянын депутаттары дагы бар.
Мамлекет башчысы өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык абал туурасында маалымат берип, ошондой эле президенттик шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө айтып берди.
Президент шайлоо учурунда коопсуздукту сактоо маанилүү милдет болуп санала тургандыгын белгилеп, өлкөнүн коопсуздук органдары бул үчүн колунан келишинче аракет кыла тургандыгын айтты.
Р.Отунбаева өлкөнүн жетекчилигинин 2010-жылдын июнундагы окуялардан кийин этностор аралык ынтымакты бекемдөө, Ош жана Жалал-Абад шаарын калыбына келтирүү боюнча иш аракеттерине да кыскача токтолду.
ЕКПАнын депутаттары шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдиришип, өлкөдө демократиялык өнүгүүнүн жагымдуу тенденциясы байкалып жаткандыгын жана бул ыргакты сактап калуунун зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Парламенттик Ассамблеянын ортосундагы мамилелердин динамикасы жакшы нукта өнүгүп жаткандыгын белгилешти.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)