Баракелде - Түркияда Ван обласынын Ван шаарына жакын Эдремит жерде кечээ, 9-ноябрда кечки саат 9.30да жер титирөө болду. Бул тууралуу Стамбулдан Нурланбек Карыпбай уулу маалымдайт.
Эскерте кетсек, 23-октябрда Ван обласында болгон зилзаллада 3000ден көп адам жарадар болуп, 600дөн ашык адам набыт болгон,100дөй үйлөр тыптыйпыл болгон.
Бооазичи Университетинин Кандили Жер титирөө изилдөө борборунун маалыматына ылайык, жер силкинүү 5,6 балл болду. Ван шаарында да абдан катуу жер силкинип, 25 көп кабаттуу үй жана 2 отел кулап калган. 25 үйдүн 22си бош турганы маалым болду. Бир отелде 100 жакын адам болгон.
Ал эми берки 4 кабаттуу отелде болсо, Вандан кабар таратып турган ар кайсыл кабар борборлорунун кабарчылары калганын ырасталууда. DHA Кабар борборунун 2 кабарчысынан кабар алына элек. Түндөн бери куткаруучулар 23 жакын адамды урандылардын ичинен аман-эсен чыгарды, 7 адам көз жумганы маалым болду. Түнү боюу Түрк кызыл айы 15 миңге жакын чатыр алып барды жана 9 учак менен жардам келди. Ван обласынын Ержиш районунун түркиялык кыргыздар жашаган Улуупамир айылы жер титиреген жэрден 100-120 км алыс болгондуктан, бул жолку жер титирөөдө эч кандай жапа чеккен жок.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)