Баракелде - «Бирге» социалдык долбоорунун астында ачылган студиясы Москванын жогорку окуу жайларында окуп жүрүшкөн кыргыз студенттеринен куралган «Смайл Сlub» КВН командасы менен чогуу алгачкы скетч-шоу тартып башташты. Бул тууралуу «Бирге» орусча-кыргызча басылмалык долбоорунун башкы редактору Мадина Жапарова «Баракелдеге» аталган студия Москвада окуп жана иштеп жүргөн таланттуу балдар, кыздарды скетч-шоуга тартылууга чакырып келет. Скетч-шоуда чет жактарда иштеп жана жашап жүргөн мекендештердин турмушундагы күлкүлүү окуялар, сатиралык роликтер тартылып турмакчы.
«Биздин максат - мекенден алыс иш, акча деп эле жүргөн мекендештерге жагымдуу маанай тартуулоо менен бирге өсүп келаткан муундардын таланттарына жол ачуу. Ата-Журттан алыс болсок да элибиздин маданиятына колдон келген салымыбызды кошуу. Алдыда бул долбоордун жаңы роликтери тартылып жатат. Элибизге сатира аркылуу да турмуштагы болуп жаткан күлкүлүү окуяларды тасма аркылуу чагылдырып турсак деген ой», - деп белгиледи М.Жапарова.


















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (3)