
Баракелде - Берлинде (Германия) 17-ноябрдан баштап 23-ноябрга чейин кыргыз кинофестивалы болуп өттү. Бул тууралуу «Баракелдеге» Немис-кыргыз маданий коому билдирет.
Фестивалды Хумболд Университетинин Орто Азия билим факультетинин мастер студенти Маттиас Майвалд жана Немис-кыргыз маданий коому уюштурушту.
Фестивалда жаңы тасмалар «Свет Аке», «Тенгри», «Боз салкын», «Алмаз» жана эски классикалык тасмалар «Жамиля», «Биринчи Мугалим», «Ак - Кеме» көргөзүлдү. Жекшемби күнү кыска метраждуу тасмалар тартууланды. Мисалы: «Камсанабаңыз», «Рахмат», «Круги на песке», «Аяз атага кат», «Бүтө элек түштөр», «Карандаш от Муравьев», «Соко», «Живой и мервый».













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)