Баракелде - Кыргызстандыктардын эл аралык «Kыргыз Клаб» бирикмеси «Замандаш» журналынын «2011-жылдагы чет элдеги кыргызстандыктардын диаспорасы» номинациясы боюнча конкурсунда жеңишке жетишти. Бул туурасында бирикменин басма сөз кызматы билдирет.
«Kыргыз Клаб» бирикмеси 2005-жылы май айында демилгелүү кыргыз жаштары тарабынан Нью-Йоркто уюштурулган.Анын максаты чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын башын бириктирип, кыргыз элинин маданиятын жайылтуу болуп саналат»-дейт бирикменин уюштуруучусу Айбек Хакимов.
Бирикме кыска убакттын ичинде чет жердеги мекендештердин көңүлүн өзүнө бура алды. Өзү уюшулган жылдары ичинде көптөгөн маданий жолугушуууларды, кыргыз эстрадасынын жана фольклорунун таланттарынын катышуусунда ар кандай мааракелерди, конкурстарды өткөрдү.
Азыркы күндө бирикменин Япония, Канада, Англия, Италия, Араб Эмираттары, Малайзия жана Германияда бөлүмдөрү бар.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)