
Баракелде - 2012-жылдын январь айында өлкөнүн көпчүлүк аймактары боюнча бир айлык орточо аба ырайынын температурасы климаттык нормадан 1...3 градуска төмөн болушу күтүлөт. Ал эми Нарын облусунда жана Ысык-Көлдүн аймактарында климаттык норманын тегерегинде болот. Айдын биринчи аптасында Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -16...-21, күндүз -9...-14 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Башка убактарда абанын температурасы түнкүсүн -10...-15 градустан -1...-6 градус суукка чейин, күндүз -3...-8ден 0...+5 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Талас облусунда айдын биринчи аптасында абанын температурасынын түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Башка убактарда абанын температурасы түнкүсүн -11...-16дан -3...-8 градуска чейин, күндүз -3...-8ден 0...+5 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10...-15тен -2...-7 градуска чейин, күндүз -1...-6дан 0...+5 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Ысык-Көл облусунда эң төмөнкү температура айдын биринчи аптасында күтүлөт, түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7. Башка убактарда абанын температурасы түнкүсүн -9...-14төн -2...-7 градуска чейин, күндүз -3...+2ден 0...+5 градуска чейин өзгөрүп турат.
Нарын облусунда эң температура айдын алгачкы аптасында жана айдын үчүнчү декадасынын башталышында күтүлөт, түнкүсүн -22...-27, күндүз -13...-18.
Башка убактарда түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6 градустун айланасында болот
Атмосфералык жаан-чачын январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында нормадан көп болуусу күтүлөт.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)