Баракелде - Түкиянын Стамбул шаарында Кыргызстан достук жана маданият коому тарабынан уюштурулган жаңы жылдык кече болуп өттү. Бул тууралуу Түркиядан Нурланбек аттуу окурман кабарлайт.
Стамбулда жашаган жана окуган кыргызстандыктар чогулушуп, жаңы жылды бирге өткөрүштү. Кичинекей бөбөктөр болсо балатынын жанында Аяз кызды Аязата менен бирге күтүп чурулдашып, «Аяз кыз келиңиз» деп чакырышты. Аязатадан белектерин алганга ар бир бала жаттап келген ырларын айтып берип белектерин алды.
Жаңы жылга Кыргызстандан ат арытып келген Абидин Темиров келгендердин черин жазып, түн бир оокумга чейин ыр ырдалып, комуз чертилип, чакырылгандардын мукамдары канды. Кыргыздын Түркияда иштеп жаткан жигиттери да демөөрчүлүк кылып лотерея ойнотуп, эки студент балга Кыргызстанга барып келүүгө учак билеттерин утуп алышты. Ошондой эле түстүү телевизор жана көптөгөн белектер берилди.
Кеченин аягында Кыргызстан достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгулов мындан ары да кол үзүшпөй бири-бирибизди көбүрөөк көрүп жардамдашып тураарын, Кыргызстан достук жана маданият коому жаңы кеңсесине көчө турганын, ага 300-400 киши бата тургандыгын айтып, мындан ары ошол жерде кездешүүгө чакырды.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)