
Баракелде - 2011-жылдын 28-декабрында Москва шаарындагы коомдук уюмдардын жана «Нур» көп тармактуу компаниясынын демилгеси менен Орусия Федерациясынын Москва шаарында жайгашкан Гранат ресторанында кыргызстандык жарандар Жаңы жылга карата майрамдык кече өткөрүштү. Бул тууралуу Москвадагы «Нур реклама» гезитинин кабарчысы Айжан Мамасадыкова «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысына билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Чыналиев катышып, кыргызстандык жарандарды Жаңы жылы менен куттуктап, Москва шаарында өз кызматы менен өзгөчөлөнгөн атуулдарга элчиликтин Ардак грамоталарын жана ыраазычылык катын тапшырды.
Мындан сырткары, «Нур реклама» гезитинин редакциясынын жана окурмандарынын чечими менен «2011-жылдын эн мыкты адамы» наамына татыктуу болгон кыргызстандыктарга сыйлык тапшыруу аземи да ушул иш-чарада ишке ашырылды.
«Нур» көп тармактуу компаниясынын генералдык директору, «Нур реклама» гезитинин президенти жана башкы редактору Багыт Бапанов кыргыз-орус достук мамилелерин өркүндөтүүгө кошкон салымы жана Москва шаарындагы кыргызстандык мекендештерге көрсөткөн өзгөчө жардамы үчүн коомдук ишмердүүлүгү менен айырмаланган 14 кыргызстандык жаранга «2011-жылдын эң мыкты адамы» наамы ыйгарылды.
Атап айтсак алар, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси -Улукбек Чыналиев, коомдук ишмерлер - Максатбек Гапыров, Улан Кошматов, Кыргызстан Соода үйүнүн директору - Обозкан Сардарбеков, акын, КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү Айталы Жандаров , космонавт — Салижан Шарипов, коомдук уюмдун жетекчилеринен - Абдыганы Шакиров, Бактыяр Омурзаков, Жамиля Бегиева, Бурулча Төрөбекова, жеке ишкерлер - Улукбек Абдыразаков, Болот Ташполотов, Дин башкармалыгынан - Максат Канкыбаев, «Гермес — Профил» спорт клубунун тренери - Мидин Мухидинов.
«Жаңы жылдык майрамдык салтанат ыр-күүлөр, жагымдуу музыкалар менен коштолду», - дейт А.Мамасадыкова.


, Айсана, кайсы жетишкендиктер??? Мигранттардын акчасын алып документ жасап акча тапканыбы? мыкты адамдар












Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (5)