
Баракелде - Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Москвада италиялык ресторанда чыккан өрттөн каза болгон кыргызстандык Анваржон Сатволдиевдин сөөгү жерге берилди. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияевдин маалыматына ылайык, Анваржондун туугандары, ата-энеси Жалал-Абаддан Орусияга көчүп келишкен.
Мындан сырткары, каза болгон 24 жаштагы кыргызстандык Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү 13-январда Жалал-Абадда өзу туулган айылында жерге берилген.
Маалыматка ылайык, А.Сатволдиев 38 жашта, үч баласы бар. Ал ресторандын цехинде иштечү. Газ баллон жарылганда ал бир нече жолу имаратка кирип, ресторандагы элдерди алып чыгууга жардам берген.
«Москванын мэри Собянин каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион рубль, ал эми жарадар болгондорго 500 000 рубль берилээрин айткан», - деди юрист А.Абдисияев.
Эскерте кетсек, Москвадагы италиялык ресторанда 9-январда өрт чыккан. Каза болгон үч адамдын экөө - Кыргызстандын жарандары. Дагы 6 кыргызстандык жаран учурда Москва шаарында ооруканада дарыланып жатышат. Жалпысынан ресторандагы өрттөн 40 адам жабыр тарткан.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)