Баракелде - Энергетика министрлиги өз ишин так аткара алган жок. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Өмүрбек Бабанов билдирди.
«Энергетика министрлиги 2011-2012-жылкы жылытуу сезонуна 100 пайыз даяр экендигиңерди билдирдиңер эле, бирок тилекке каршы практика жүзүндө аны көрсөтө алган жоксуңар. Кыштын суук күндөрү элдер электр энергиясы, газы жок отуруп калышты. Бул министрликтин кемчилиги. Ишти алгылыктуу алып бара алган жоксуңар», - деди өкмөт башчысы.
Ал 2011-жылдын башында жоготууларды төмөндөтүү тапшырмасы коюлгандын, бирок ал да ишке ашпагандыгын айтты.
Буга байланыштуу Ө.Бабанов А.Шадиевге сөгүш жарыялады.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)