Баракелде - Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев 18-январдагы пленардык жыйында Жогорку Кеңеште уюштуруу иштери туура эмес жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, элдер буга нааразы болуп жаткандарын айтты.
«Ар бир маселеде Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп, элдердин жек көргөнү эле Жогорку Кеңеш болуп жатат. Азыр парламентти таркатууга элдер кол топтой баштады. Ошондуктан, уюштуруу иштерин так жана туура жүргүзсөк», - деди депутат.
Буга байланыштуу «Баракелде» сайты окурмандардын пикирин билүү ниетинде «Жогорку Кеңешти таркатуу керек деген ойго кошуласызбы?» деген сурамжылоо жүргүзүүнү чечти. Аталган сурамжылоо сайттын башкы барагынын оң жагында жайгашкан.
Белгилей кетсек, бир IP-даректен суткасына бир гана жолу добуш берүүгө болот, айлантылып кошулган добуштар (накрутка) алынып салынат.
Эртең, 30-январда аталган сурамжылоо жыйынтыкталат. Ага чейин добуш берүүгө үлгүрүп калгыла.






Азыр таратса дагы элди бөлүп жаруу башталат.Акжолдун атажурту стабилдүүлүктү бузат.Криминалдар баш көтөрөт.Коом алардан тазаланып,кийинки шайлоого чейин эл да түшүнүп калат.

орду-ордуна коюп келетканда кайрадан ЖК шайлоо болсо,иш болбой эле баары артка кетет.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (48)