
Баракелде - Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганованын «Баракелде» сайтындагы онлайн-конференциясы аяктады.
Жалпы жонунан ырчыга 28 суроо келип түштү. Окурмандардын арасында Г.Сатылганованын жаңы чыккан ырларынын дискин жана кол тамгасы коюлган плакаттарын сурагандар болду. Ал эми ырчы окурмандардын бул өтүнүчү боюнча «Баракелденин» редакциясына белектерин атайын келип таштап кете турганын билдирди. Белек ээлери биздин кеңсеге келип алып кетсе болот.
Айта кетсек, Гүлнур Сатылганова көптөгөн эл аралык конкурстардын катышуучусу. 1998-жылы «Ысык-Көл-98» гран-принин ээси, 2001-жылы Астанада өткөн «Шабыт» чыгармачыл жаштардын конкурсунун гран-принин ээси.
2001-жылы КР Эмгек синирген артисти, 2002-жылы КР Жаштар сыйлыгынын лауреаты жана 2008-жылы КР Эл артисти наамына ээ болгон.
Учурда репертуарында 100дөн ашык чыгармасы бар.





















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (47)