
Баракелде - Жалал-Абад шаардык кеңеши ХХV1cессиясында Түркияда медициналык тармакта иштеп жаткан Талантбек Батыралиевге «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык биргелешкен оорукананын директору Абдилатип Шамшиев аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго билдирди.
А.Шамшиевдин айтымында, Т.Батыралиев республиканын түштүгү боюнча аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун ачылышына демилгечилерден болуп, жабдуулардан колдоо көрсөткөн.
Натыйжада, өлкөнүн түштүгүндө Бишкекке жете албай жаткан көптөгөн жүрөк оорулуулар Жалал-Абаддагы жаңы борбордо ийгиликтүү операция болуп, сакайып жатышат.
Медицина илиминин доктору Т.Батыралиевге «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу» деген наам областтык биргелешкен оорукананын сунушу менен берилди.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)