
Баракелде - Баткен областындагы Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл округунун Борборук айылынын 11 жаштагы жашоочусу Камола Турдибоева Тажикстандын Согди областында өткөн турнирдин спорттун таэквондо түрү боюнча чемпиону аталды. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысына Лейлек районунан Эгембердиев Саатбек билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 21-22-январь күндөрү Согди областындагы Истарафшан шаарында Согди областы боюнча таэквондонун ачык чемпионаты болуп өттү.
Турнирге Согди областынын ар кайсы райондорунан 260тан ашуун спортчу катышышты жана 7 команда ат салышты. 7 команданын ичинде Лейлек районунун Борбордук айылынан барган 9 адамдан турган команда да бул турнирге катышышты.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунан барган команданын түзүлгөнүнө 2 жыл болгонуна карабастан, кыргызстандык команда 4 коло медаль жана 2 күмүш медалга ээ болушту.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча 11 жаштагы Камола Турдибоева 40 кг салмактык категориядагы 10-11-12-жаштагы кыздар арасында Согди областынын таэквондо боюнча чемпиону болду.
Эскерте кетсек, К.Турдибоеванын салмагы 35 кг.
Истарафшан районунун Таэквондо федерациясынын тренери Эркин Казаковдун айтымында, кыргызстандык команда спорт тармагында жогорку класстагы чеберчилигин көрсөтүштү.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (5)