Баракелде - Бишкекте И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде бүгүн, 24-январда, «Ден соолук-2012» деген аталыштагы спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылды.
Аталган университеттин басма сөз кызматы билдиргендей, спартакиаданын башкы калысы, Дене тарбия кафедрасынын башчысы, доцент Азамат Жарматовдун айтымында, спартакиада университеттин эмгек жамааты, окутуучулар арасында уюштурулган. Факультет жана институттар аралык мелдеште спорттун беш түрү боюнча беттеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр ар кандай ардак грамота, кубок, медалдар менен сыйланышты.
Андан сырткары, университеттин ректораты тарабынан акчалай байгеге ээ болушту. Калыстардын жыйынтыгы менен 1-орунга Инновациялык технологиялар институту ээ болсо, 2-орунга Гуманитардык илимдер институту, ал эми 3-орунга Тарых, социалдык, укуктук билим берүү институту ээ болушту.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)