23 февраль 2012, 00:11
 
Каттоо


 
А.Атамбаевдин жубайы ким?
24 январь 2012, 16:08

Баракелде - Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева кесиби боюнча врач, медицина илимдеринин кандидаты. Бул тууралуу «De-факто» гезити 24-январда чыккан санында жазган.

Гезитте жазылгандай, буга чейин бир дагы жолу гезитке чыккан эмес, маек да берип көргөн эмес.

«Бир гана ирет гезит бетине чыкканы эсибизде. 2005-жылдын 24-мартында Раиса Атамбаева дагы революционерлердин катарында жоогазын көтөрүп, күйөөсүнүн жанында жүргөн. Акаевдин бийлиги кулагандан кийин «Агым» гезитинин 1-бетине жоогазын көтөрүп чуркап келаткан Рая Атамбаеванын сүрөтү чыккан. Бирок ал Атамбаевдин аялы экенин окурмандар билген эмес», - деп жазат гезит.

Гезит жазгандай, Рая Минахмедовна Атамбаева Орусиянын Урал жергесинде туулган татар кызы. Ата-энеси кийин Кыргызстанга көчүп келип отурукташып калган, ал Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектепти аяктаган. Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда окуган, медицина илимдери деген окумуштуулук даражасы бар.

«Бирок врач, окумуштуу экендигине карабай соңку жылдары үйдө эле отуруп калган. Атамбаев жубайынын колу менен жасалган гана тамактарга алымсынат, мурда түштөнүүгө да дайым үйүнө гана барчу дешет», -деп жазат гезит.

Гезит белгилегендей, Атамбаев анын иштешине каршы болгонбу ким билет, акыры иштебей үйдө отуруп калганына бери дегенде 6-7 жыл болуптур. Ал эми уулу Кадыр былтыр мектепти алтын медаль менен бүтүрдү. Акыркы коңгуроодо Алмазбек Атамбаев «Уулумдун окууну кантип окуп, кантип бүтүп жатканын билбей калдым» деп сүйлөгөн.

«Чынында эле А.Атамбаев жалаң саясат деп жүрө берип, баласы кантип 17ге чыкканын деле байкабай, ал эми үй түйшүгү жана балдарды тарбиялоо жалаң жубайынын мойнунда болуп келген», деп жазат гезит.

Гезиттин маалыматы боюнча, уулу Кадыр Түркиядагы америкалык университетте окуйт. Кызы Алия 9-класста. А.Атамбаевдин негизи 6 баласы бар. Биринчи жубайы Бүажардан 4 баласы бар, Сейитбек, Сейтек жана эгиз кыздары Диана менен Динара. Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп турганында алган квартирасын биринчи бүлөсүнө калтырып кеткен экен. Ошондон кийин, 1988-жылы Раиса Мидахмедовнага үйлөнүп, Кадыр аттуу уулдуу, Алия аттуу кыздуу болгон.

«Раиса Атамбаеваны жакындан билгендер эстүү жана токтоо аял дешет. Көбүнчө үйдө, айрым учурда чакыруу болсо сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө барып калганын көрүүгө болот», - деп жазат гезит.

Гезитте жазылгандай, Атамбаев ант бергенден кийин КСДПчылардын отурушу болуптур. Ал кечеде бирөө Атамбаевге гүл берсе, президент кетип баратып ал гүлүн ары жакта отурган Раиса Атамбаевага тапшырыптыр. Ошол кечеде Раиса Атамбаева ар бир столду кыдырып, ошол жердегилердин ар бирине ыраазычылыгын билдириптир.

«Анан ушуну менен эч жакка чыкпасын, мындай кечеге биринчи жана акыркы жолу келип атканын кыйытыптыр. Анысын угуп кубанып атабыз. Алиянын чачын өөрүп, сабактарын көзөмөлдөп, мектепке узатып, тосуп алып үйдө эле отурганга не жетсин?», - деп жазат гезит.

Гезит белгилегендей, Майрам Акаевага окшоп фонд түзөм, коомдук ишке аралашам дегенден кудай сактасын.

«Эмнеси болсо да, президент Атамбаевдин бала-чакасына ыйман берип, окуп аткан окууларын окуп, буга чейин кылып келген иштери менен алек болуп, атасынын ишине кийлигишпейт деген үмүтүбүз чоң. Буга чейин элге чыгарбай тыюу салып келген А.Атамбаев эми деле тыюу салаар», - деп жазат гезит.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (3)

boorsok 8:31:07 (26-01-2012)
Ай жигиттер,эми Атамбаев делеэркек да,левый жакка деле далай барды болуш керек.Колунда жок жарды болсо бир жон.Президент болгондон кийин еще кобуроок возможность тузулду да.Мейли барса бара берсин, просто эч кимге билдирбесин анан бироонун аялына кол салбасын дейли.Аялы деле тушунуп,даанышмандык кылып билмексен болуп,бирок кез кезде отчет алып, такалап коюшу керек.
Болбосо эркектер аран эле турабыз да,атан гору э-ээ-ээй толтура сулуу,жыланач кыздарды токойго кое берип туруп,артынан сафари сыяктуу анчылыкка кое берсе билбейм айланайын эркектер эмне болуп кетет эле....
Негизи бироонун аялы бирооно кыз корунот дегендей, бироонун аялын бироо аямак беле?
stan.kg 11:40:30 (25-01-2012)
Гезит белгилегендей, "Майрам Акаевага окшоп фонд түзөм, коомдук ишке аралашам дегенден кудай сактасын", деп жазылганы эле жетиштууго.
Guljan 20:57:11 (24-01-2012)
Атамбаевдин аялы "О" (ошканы) реклама кылып чыккан сулуу кыз азарынча эски аялын айтпаганда хехехехе
 
22 февраль 2012
18:28   Каракол шаарында наркотикалык заттарга кызыккандар акыркы 5 жылда он эсе көбөйгөнү айтылды18:01   Караколдо мамлекеттик органдардан маалыматты талап кылуу боюнча тренинг өттү17:48   Нарында Кыргызстандын аймактык башкаруусу талкууланды16:26   Спикер А.Жээнбеков кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады16:25   ЖК комиссиялары кайра-кайра текшерип иштөөгө тоскоолдук кылып жатат — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы16:05   Ш.Байзаковду колдоо боюнча кол чогултулуп атат15:37   Депутат айымдар калпак жана гвоздика гүлү менен кесиптештерин куттукташты (фото)15:01   Ош шаарында коомдук адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата терегек стол болду13:43   Бишкекте эскирген үйлөр бузулат13:33   Бишкекте Ата Мекенди коргоочунун күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат (программа)13:22   Президентке караштуу Башкаруу академиясынын студенттери ЖК депутаттары менен жолугушту12:52   «Айкын саясат»: Камчыбек Ташиев Кашкардан келген уйгур экен11:33   Министр З.Рысалиевдин маянасы 42 миң сом11:07   Аскерге чакырылуучулардын негизги массасын титулдук улуттун - кыргыздын өкүлдөрүнөн турган жаштар түзөт10:57   Ө.Бабанов Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады10:53   ОшТУда эл аралык эне тилдер күнү белгиленди10:04   Жалал-Абадда өткөн жылы 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталган09:58   Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык боюнча штабдык жыйын болуп өттү09:52   «Ата Мекен» фракциясынын жыйындарга катыштыгы начар экендиги дагы айтылды08:33   Баткенде «Мекенди коргоо» күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү08:09   Өзгөн районунда жол коопсуздугун тейлеген кызматкерлер жетишсиз
21 февраль 2012
16:24   Садык Шер-Нияз: Агам Болот Шер саясаттан маданиятка ооп кетти16:18   Губернатор С.Жээнбеков Ноокаттагы Зулпуев айылдык округунда элдик жыйынга катышты15:51   «Де-факто» Кыргызстандагы талаш жерлер жана анклавдар боюнча маалымат чыгарды (инфографика)15:30   Депутат Д.Тербишалиев түнкү клубдан мушташканы боюнча кабарланды14:42   Кыргызстан Гимнинин текстиндеги 5 сөздү өзгөртүү сунушталууда14:19   Азыр К.Оторбаевди эптеп алып түшүүнү көздөгөн күчтөр жок эмес14:11   Акыйкатчы Т.Акун өзүнүн 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды13:48   Ошто студент кыз президент А.Атамбаевге өз колу менен түйгөн байпакты белекке берди13:07   Талас эли - аял башкарчу эл эмес, - губернатор К.Курманалиевага каршы жарандар12:46   Кыргызстанда Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борборду ачуу демилгеси көтөрүлүүдө12:42   Жалал-Абадда 23-февралга карата милиция кызматкерлери гарнизондук бөлүштүрүү өткөрөт12:13   Губернатор К.Курманалиева кара дуба менен алектенет, - мурунку орун басары А.Тургуналиев11:35   Ооган согушунун катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты11:29   Кара-Сууда окуучулар «Мектеп рэкетчилигине каршыбыз» деп аталган акция өткөрүштү10:30   Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй, Талас жана Бишкекте авариялык өчүрүүлөр болду10:29   Ош шаарынын 95,3% көчөлөрү жарыктандырылат10:21   Ноокатта 2012-жыл «Таза шаар жылы» деп жарыяланды10:08   Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр үчүн экскурсия уюштурушту09:40   Коомдук каналда «Көзачыктар таймашы» теледолбоору башталат09:22   Атактуу балет бийчиси маркум У.Сарбагышев менен коштошуу бүгүн болот
20 февраль 2012
17:24   Ысык-Көл губернатору М.Асанакунов облустагы мэр, акимдер менен жолугушуу өткөрдү15:47   Маркум А.Эшбаевдин жакындары УКМК алдына митингке чыгышты13:41   Губернатор С.Жээнбеков Кара-Суудагы Папан айылдык округуна иш сапары менен барды11:26   Кыргызстанда этникалык орустардын укуктары бузулуп жаткандыгы айтылууда11:00   Каракол шаарында 92784-аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди10:41   Жетим-жесирлердин батасы жана Кудайдын жардамы менен чоң ажал кайып өттү (макала)10:14   Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныкташы керек? (сурамжылоо)10:10   А.Атамбаев июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлер менен жолугушту
18 февраль 2012
11:45   Жогорку Кеңеш эл аралык сынактарда уткан таланттуу жаштардан киреше салыгын албоо демилгесин көтөрүүдө
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.