
Баракелде - «Алиби» гезитинин 24-январда чыккан санында жазылгандай, 2010-жылдын 7-апрелине чейин энергетика тармагында «ширшовдук схемалар» аталган айтылуу мыйзамсыз акча табуу схемалары жашап, бул схемалар аркылуу миллиондогон акчалар мамлекеттин бюджетин кыйгап өтүп, Акаев менен Бакиев үй-бүлөлөрүнүн жана алардын дос-тамыр, таяке-жээн, бөлө, ойношторунун чет мамлекеттеги банктардагы эсептерине түшүп турганы эч кимге жашыруун эмес. Мамлекеттин жана элдин байлыгы мамлекетти, элди бакпай эле жеке үй-бүлөнү жана Ширшовдорду байытып келген болчу.
«7-апрелдеги элдик революциядан келген Энергетика министрлиги «ширшовдук схемаларды» талкалоонун үстүндө ырааттуу иштеп жатат. Азыр ширшовчулардын, «Ширшов и Кнын» акырынан жем жеп калгандардын ичинен кан өтүп турган чагы», - деп жазат гезит.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)